Кемин районундагы жол кырсыгынан 6 адам каза болду (фото)







Бүгүн, 13-апрель күнү саат 18:20 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 97-чакырымында, тактап айтканда, Кемин районунда 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда Хонда Одиссей, Мерседес Бенц, Тойота Хайлендер үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Анын кесепетинен 6 адам каза болуп, 2 адам жабыркаган. Жабыркагандарды Кемин райондук ооруканасына жеткиришкен. Азыркы тапта каза болгондордун жана жабыркагандардын аты-жөнү такталууда.
Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгы кырсык тууралуу буларды билдирди: "Мерседес Бенц (жүк ташыган унаа) жолдун тайгактыгынан улам каршы тилкеге чыгып, Тойота Хайлендерди сүзгөн. Ал эми Хонда Одиссей жүк ташыган унааны сүзүп токтогон. Кырсыктан улам жеңил унаадагы 4 адам жана жүк ташыган унаадагы 2 адам каза тапкан".

Маркумду жерге бериле элек болсо да Жаткан жери жайлуу болсун деп айтабыз.
Анткени; Мусулмандык парз!
Ыйманы саламат болсун дегидей же маркумдун жанында болбосок.
Жол эрежелерин билбейбиз кобубуз, сыр деле эмес азыр праваны чала окуп же такыр эле окубастан алып жатабыз анан ушунун айынан коп жол кырсыгы болуп жатпайбы.