super.kg logo
  Саясат  

Виктор Янукович президент Алмазбек Атамбаевди Жеңиш күнү менен куттуктады

 

Президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине Украинанын президенти Виктор Януковичтин атынан Жеңиш күнүнө карата куттуктоо келди. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, куттуктоодо 9-Май эрдиктин, каармандыктын, улуулуктун жана майтарылбас эрктин символу экендиги жазылган.  

Ар бирибизге ыйык болгон бул күнү фашизмге каршы катаал согушта Жеңишти түптөгөндөрдүн, өз өмүрүн аябай, бизге эркиндик, тынчтык, акыйкаттык тартуулагандардын жаркын элесине тизе бүгүп, таазим этебиз. Алардын улуу эрдиги тууралуу  эскерүү кийинки муундардын жүрөгүндө түбөлүккө жашап калат. Украина элинин атынан жеке өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык сезими жана урматтоо менен Кыргызстандын ардагерлерине чың ден соолук, жакшылык, узак өмүр, ал эми Кыргызстандын элине ачык асман, ийгилик, жыргалчылык каалайм”,- деп жазылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: