Дональд Трамптын небереси Кытайдын президенти үчүн кытай тилинде ырдап берди




АКШнын президенти Дональд Трамптын небереси Арабелла Роуз Кытайдын президенти Си Цзиньпин үчүн кытай тилинде ырдап берди. Кытай өлкө башчысы үчүн чакан көрсөтүү өткөн жумада Флорида штатындагы "Мар-а-Лаго" жеринде өткөнүн чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Иванка Трамптын кызынын кандай таланты бар экенин интернетке жүктөлгөн видеодон көрүүгө болот. Анда Иванка өлкө башчылар отурган залга кичинекей кызын алып кирип, "биз сиздерди өз үйүндө жүргөндөй сезүүӊүздөрдү кааладык", - деп аны коноктор менен тааныштырып кирет. Андан соӊ Арабелла Роуз кытай тилинде кыска ырды ырдап кирет.
Белгилей кетсек, Иванка Трамп 1981-жылы 30-октябрда туулган. Учурда 35 жашта, 3 баланын энеси. Ишкер жана фотомодель катары таанымал. Анын жолдошу Жаред Кушнер да Ак үйдүн кызматкери.
Трамптын небереси Кытай президенти үчүн ырдап берди




1 |