Базар-Коргон районунда катуу шамалдан улам келтирилген зыян такталууда
Базар-Коргон районунда катуу шамалдан улам келтирилген зыян такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Базар-Коргон жана Акман айыл аймактарында 11-апрель күнү саат 23:00 чамасында ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жеткен катуу шамал болгон. Анын кесепетинен келтирилген материалдык чыгымдар райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан такталууда.
Айта ктсек, Базар-Коргон районунда болгон катуу шамал 24 турак үйдүн, 3 сарайдын, 1 мектептин шиферлерин учуруп кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















