super.kg logo

Африкадан Европаны көздөй бараткан 100гө жакын мигрант дайынсыз жоголду

 

Африка өлкөлөрүнөн Европаны көздөй бараткан кеме Ливия жээгинде чөгүп кеткенден кийин 100гө жакын мигрант дайынсыз болууда. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, 97 мигрант жоголду, алардын арасында 15 аял жана 5 жаш бала бар. Азыркы тапта 23 эркектин куткарылганы маалым, алар сууда чөкпөй турган буюмдарды кармап калышкан. "Куткарылган адамдар кеме Триполи шаарынан 10 чакырымга чейин жетпеген аралыкта чөгүп кеткенин айтышты. Учурда куткаруу иштери уланууда, бирок аман калгандарды табууга үмүт аз", - деп жазышат басылмалар.

Мындан тышкары ММКлар Ливия соңку жылдары чек ара көзөмөлү тийиштүү деңгээлде каралбай калгандыктан мыйзамсыз мигранттардын Жер Ортолук деңиз аркылуу Европага сапар алган негизги транзиттик пункту болуп калганын айтышат. Миграция боюнча эл аралык уюм ушул жылдын башынан бери эле кеминде 590 качкын Ливиянын жээктеринде каза таап же дайынсыз болуп жатканын белгилейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: