АФК Кубогу: 18-апрелде Бишкекте өтө турган “Дордой” – “Алтын Асыр” беттешинин билет баасы 100 сомду түзөт

18-апрель күнү АФК Кубогунун алкагында Бишкекте өтө турган “Дордой” – “Алтын Асыр” беттешинин билет баасы 100 сомду түзөт. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Бул тууралуу “Дордой” футбол клубунун пресс-кызматы билдирет.
Аталган оюн “D” тайпасындагы 3-турдук оюн болуп эсептелинет. “Алтын Асыр” учурдагы Түркмөнстандын чемпиону. Ошондой эле бул күнү “Алай” конокто Тажикстандын чемпиону “Истиклол” менен беттешет.
2 турдук оюндан кийин “Истиклол” менен “Алтын Асыр” 4төн упайга ээ, “Дордой” 3, ал эми “Алай” азырынча упайга ээ эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Телефон номер
0553 52 53 21