super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Дыйкандарга 7 пайыздык насыя берүү популисттик мыйзам долбоору болуп калды"

 

"Дыйкандарга 7 пайыздык насыя берүү популисттик мыйзам долбоору болуп калды", - деген пикирин бүгүн, 14-апрелде журналисттерге Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов билдирди.

Депутаттын айтымында, журналисттер ал тууралуу "дыйкандарга 7 пайыз төлөм менен насыя берүүгө каршы экен" деп жазып жатышат. "Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү мени дыйкандарга жаман көрсөтүүдө. Мен 7 пайыз эмес, андан төмөн 3-2 пайыз менен насыя бергенди колдойм. Бул мыйзам долбоордун кереги жок болчу. Популисттик мыйзам долбоору болду. Азыр деле мындай мыйзам долбоору жок деле 10 пайыз менен насыя берилүүдө. Мен буга каршы болгонумдун себебин айтып берейин. 13 миң дыйканга насыя беребиз деп, бюджетке 1 миллиард сом зыян келтирип жатабыз. Аталган сумма коммерциялык банкттарга түшөт. Мындай каражатка 1 миң трактор алып, бир айыл аймакка 2ден трактор алып берсе болот. 13 миң адамга насыя берген жакшыбы же трактор алган жакшыбы?" - деп түшүндүрдү Жамалдинов.

Эске салсак, “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаттары демилгелеп чыгып, Жогорку Кеӊеш “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” мыйзам кабыл алган. Мыйзамда дыйкандарга 7 пайыздык насыя берүү жагы каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: