super.kg logo

VI Улуттук "Ак илбирс" киносыйлыгынын көбүн "Атанын керээзи" тасмасынын жаратуучулары алып кетти (тизме)

 

14-апрелде Бишкектеги "Манас" кинотеатрында VI Улуттук "Ак илбирс" кино сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Анда Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстандан чакырылган атайын коноктор, Кыргыздын белгилүү маданий, коомдук ишмерлери, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү болушту. Быйылкы аземдин жаӊылыгы болуп "Борбордук Азиядагы мыкты актёр" жана "Борбордук Азиядагы мыкты актриса" 2 номинациянын кошулганы болду. Ошентип жалпы 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча 18 номинациянын жеӊүүчүлөрү аныкталды. Ал эми алып баруучулук кызматты актёр Азиз Мурадиллаев менен Ассоль Молдокматова аркалады.

Бул ирет сыйлыктын көбүн "Атанын керээзи" тасмасынын жаратуучулары алып кетти.

Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө ээ болгон тасма - "План Б" тасмасы, режиссёру Бакыт Осмонканов;

Мыкты монтаж - Актан Рыскелдиев, "Атанын керээзи" тасмасы;

Мыкты сүрөтчү - Урмат Осмоев, "Атанын керээзи" тасмасы;

Мыкты үн режиссёру - Калыбек Шерниязов, "Мунабия" тасмасы;

Мыкты композитор - Мырзаалы Жээнбаев "Мунабия" тасмасы;

Мыкты эркектин ролу - Иман Мукул, "Атанын керээзи" тасмасы;

Мыкты аялдын ролу - Мээрим Атантаева, "Мунабия" тасмасы;

Мыкты оператор - Акжол Бекболотов, "Атанын керээзи" тасмасы;

Мыкты сценарий - Бакыт Мукул, Дастан Жапар уулу, "Атанын керээзи" тасмасы;

Мыкты режиссёр - Бакыт Мукул, Дастан Жапар уулу, "Атанын керээзи" тасмасы;

Мыкты даректүү тасма - "Жашыл жазда кыялым орундалат", режиссёру Аманбек Ажымат;

Мыкты кыска метраждуу тасма - "Олжо", режиссёру Болсунбек Таалайбек уулу;

Мыкты тасма - "Атанын керээзи", режиссёрлору Бакыт Мукул, Дастан Жапар уулу.

Ошондой эле "Улуттук кинематографиянын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн" белгилүү жазуучу, сценарист, драматург Мар Байжиев сыйланды.

Ал эми "Дүйнөлүк кинематографиянын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн" атайын сыйлык советтик түркмөн кинорежиссёру Ходжакули Нарлиевге берилди.

Борбордук Азиядагы мыкты актёр - Баходур Миралибеков, "Сон обезьяны" тасмасы (Тажикстан);

Борбордук Азиядагы мыкты актриса - Феруза Саидова, "Подробности осени", (Өзбекстан);

Борбордук Азиядагы мыкты фильм - "Дорога к матери", режиссёрлору Акан Сатаев, Алия Назарбаева (Казакстан).

6-ирет өткөн "Ак илбирс" киносыйлыгына талапкерлердин тизмеси бул жерде.






Улуттук "Ак илбирс" киносыйлыгын тапшыруу болуп өттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.04.2017. 07:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толук репортаж кылып берсениздер
Медиа-портал
15.04.2017. 07:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Толук видео репортаж кылып жуктоп койсонуздар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: