super.kg logo

VI Улуттук "Ак илбирс" киносыйлыгынан фоторепортаж

 
Борбордук Азиядагы мыкты актриса - Феруза Саидова, "Подробности осени", (Өзбекстан)
"Сон обезьяны" тасмасынын режиссёру (Тажикстан)
"Дүйнөлүк кинематографиянын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн" атайын сыйлык алган советтик түркмөн кинорежиссёру Ходжакули Нарлиев
"Улуттук кинематографиянын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн" белгилүү жазуучу, сценарист, драматург Мар Байжиев сыйланды

14-апрелде Бишкектеги "Манас" кинотеатрында VI Улуттук "Ак илбирс" киносыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Аземде кыл кыякчы Залина Касымова, таланттуу түгөйлөр Назбек Кенчинбаев менен Нурайым Азыкбаева жана бий топтору өз өнөрлөрүн көрсөтүп, келген конокторго жагымдуу маанай тартуулашты.

Сыйлыктын көбүн алып кеткен "Атанын керээзи" тасмасынын режиссёр, сценаристтери Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу фильмди жараткан чыгармачыл топко, колдоо көрсөткөндөрдүн баарына ыраазычылыгын айтып өтүштү.

"Мээнет кайтат деген сөзгө азыр ишенип турам. Аталган фильмди 3 жыл бою жазып, иштеп жүрдүк. Качан бардык монтаж иштери бүткөндө жылмайдык окшойт. Мээнетибиз текке кетпептир, минтип үзүрүн көрүп турабыз. Туура баасын берген калыстар тобуна рахмат", - дейт кубанычтан толкунданган Бакыт Мукул.

Ал эми "Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн" атайын сыйлык алган түркмөн кинорежиссёру Ходжакули Нарлиев кыргыз элин бир боорундай жакшы көрөрүн айтып, кубанычты алгандан көрө тартуулаган жакшы экенин, бирок мындай нерсени ар бир адам жасай албасын билдирди.

"Элиңдин жакшы киносу болгону жакшы. Андан майрам уюштуруу - кубаныч тартуулаганга барабар. Бирок мындай нерсе баарынын эле колунан келе бербейт. Садык Шер-Ниязда бул нерсе ишке ашты. Акыркы кезде ушундай маданий иш-чаралар үзүлгөн байланыштарды жандантып, келечек үчүн ойлонууга түрткү берди", - деген режиссёр Чыңгыз Айтматов, анын чыгармалары тууралуу бир топ жылуу сөздөрүн айтып, чыгармачыл инсандарга, кыргыз элине ийгилик каалады.

18 номинация боюнча жеңүүчү аталгандардын тизмеси бул жерде.






"Ак илбирс" киносыйлыгындагы бийчилер

Нурайым Азыкбаева, Назбек Кенчинбаев "Ак илбирс" киносыйлыгында

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.04.2017. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уктагыла эми) эртенкигеда калсын жанылыгынар))
15.04.2017. 04:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эртенки кундо жакшы жанылыктар болсун...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: