Базар-Коргондо Кара-Үңкүр дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, көпүрөнү жараксыз абалга келтирди





Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагындагы Кара-Үңкүр дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, көпүрөнү жараксыз абалга келтирди. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 13-апрель күнү саат 13:30 чамасында Чкалов айылы менен райондун борборун байланыштырган ички чарбалык көпүрөнүн тирөөчү 1,5 метрге чейин чөккөн. Анын кесепетинен көпүрө жараксыз абалга келген. Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан көпүрөдөн адамдардын жана жеңил унаалардын өтүп, каттоосуна тыюу салынды.
Аталган көпүрөдөн сырткары Чкалов айылына баруучу Таш көпүрө бар. Ал үчүн 5 чакырым аралыкты айланып өтүүгө туура келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
HAKER-KG

14.04.2017. 15:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дарыянын ушунтип жинди аканын коргону сагындым эх
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.