super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутат Равшан Жээнбековдун атасы УКМКга сурак берип чыкты

 

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун атасы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Бабырбек Жээнбеков УКМКнын сурагына барып келди. Бул тууралуу Равшан Жээнбеков SUPER.KG порталына өзү билдирди.

Анын айтымында, Б.Жээнбековдун суракка баруусу УКМКнын алдында эч кандай митинг менен коштолгон жок. "Бир жума мурун УКМК биздин үй-бүлөбүздү текшерүүнү баштаганы боюнча маалымат келип түшкөн, бирок мен ишенген эмесмин. Атам Бабырбек Жээнбековдон баштайлы дешсе керек. Өткөн күнү үйүнө барышып, күбө катары УКМКга суракка оозеки чакырышкан. Бүгүн атам ошол суракка барып келди. 2008-жылы "Де-факто" менен "Алиби" гезиттери Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн соту боюнча жабылган. Ошондо сот бул эки гезитти Бакиевдердин пайдасына миллион сом төлөөгө милдеттендирген. Бакиевдер кеткенден кийин атам юрист катары алардын мүлкүн камакка алып, миллион сомду кайрадан юридикалык-соттук жол менен кайтарып алган. Ошонун тегерегинде иштердин мародёрчулукка тиешеси бар деп эптеп мародёрлорго сүйрөп барганга аракет кылып жатышат. Атамдын суракка чакырылуусун бийликтин кандайдыр бир деңгээлдеги басымы катары бааласа болот", - деди экс-депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: