super.kg logo
  Саясат  

Президент Жалал-Абад шаардык кеңешин таратуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо боюнча жарлыкка кол койду

 

Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад шаардык кеңешин таратуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка бүгүн, 14-апрелде кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, жарлыкта шаардык кеңештин өзүн-өзү таратуу жөнүндө чечими эске алынып, шайлоо 28-майда дайындалды.

“Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органына мөөнөтүнөн мурда шайлоону мыйзамдарга ылайык өткөрүүнү уюштурсун! Өкмөт аталган комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлсүн! Шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн! Бул жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө президенттик аппараттын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн!” - деп жазылат жарлыкта.

Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: