super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Вице-премьер-министр Улуттук госпиталдагы оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты

 

Бүгүн, 14-апрелде вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Улуттук госпиталдагы оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук госпиталдын жетекчилиги ушул жылдын 20-январынан баштап, убактылуу токтотулган оңдоо иштери башталгандыгын билдирди. Ал бүгүнкү күндө госпиталдагы үч бөлүмдүн оңдоо иштери толук аяктаганын айтты.

"Терапиялык корпустун оңдоо иштеринин 70 пайызы бүттү. Толугу менен 2017-жылдын июнь айында ишке берилет. Мындан сырткары апрель айынын аягында 60 орунга ылайыкталган неврология бөлүмү курула баштайт. Аталган бөлүмдү ишке киргизүү үчүн атайын комиссия иштейт. Аны менен бирге нейрохирургия №1 жана №2, нейротравма №1 жана №2, гастроэнтерология, эндокринология жана реанимация бөлүмдөрүндө, электро монтаждык жумуштар жана ысык, муздак суу киргизүү иштери уланууда", - деп билдирди.

Вице-премьер-министр аталган объектин курулушу премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун көзөмөлүндө экенин белгиледи. Буга байланыштуу бардык оңдоо иштерине байланышкан жумуштар ыкчам тартипте бүткөрүлүп, ортомчулар түзүлгөн келишимди убагында аткарып, баштаган ишин аягына чыгарышы керектигин да кошумчалады.

"Оңдоо иштерин убагында бүткөрүү менен катар, биз анын мыкты сапатын да көрүшүбүз керек. Бардыгы госпиталдын тезирээк иштеп, бейтаптарды кабыл алышын күтүп жатышат", - деди Чолпон Султанбекова.

Ошондой эле ал госпиталда иштеген кызматкерлерге жана андагы дарылана турган бейтаптарга максималдуу түрдө жагымдуу шарттар түзүлүшү керектигине басым жасады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: