Ишкерлер Бишкектеги көчөт базарды ботаникалык бакка көчүрүүнү суранышууда

























Бишкектеги көчөт базарындагы соодагерлер жаздын келгени менен, соода жакшы жүрүшпөй жатканын кабарлашты. Сатыкка жаш көчөттөр жана гүлдөрдүн түрлөрү коюлган. Мында эң арзаны кожогат көчөтү, анын ар бир даанасы 10 сом. Ал эми шабдалы, алмурут, эки жылдык алма көчөтү 120 сомго бааланат. Кызыгы, базарда көчөт эле эмес, топурак да сатылат.
"Өзүм үйдө күнөсканага көчөт тигип иштейм. Көчөттөрдү уругунан тигип чоңойтом. 25-30 жылдан бери чарба иштери менен алектенем. Жаз алды менен көчөт тигүү учурунда жакшы иштеп алабыз. Шаарда көчөт эле эмес көчөттү тигүү үчүн топурак жана кык дагы сатылат. Мисалы, мен 1 кап топуракты 200 сомго сатып жатам. Мен ушул учурда 15тей көчөттөрдүн түрүн сатам. Мындан сырткары гүл жана башка жашылча жемиштердин уругун сатам", - дейт сатуучу Эркин Батаев.
"Аба ырайынын сууктугунанбы же көпчүлүк эл бул базарды билбей жатабы соода жакшы эмес. Күн сайын 3 миң сомго чейин соода кылабыз. 7 балам менен иштеп тиричилигибизди өткөрөбүз. Балдарым чоңоюп жардам беришет. Шаардык мэрия Көк-Жардагы ботаникалык бактан соода жайга орун берсе жакшы болмок. Бул жерде ишибиз жакшы болбой жатат. Дагы 1 айдан кийин бул жерден кубалайт деп жатышат. Анда биздин тагдырыбыз кандай болот билбейм", - дейт Майрамкүл Казиева.
Кара-Жыгач конушундагы көчөт базарында 100дөн ашуун соодагер эмгектенет. Айрымдарына орун жетпей шаардын башка аймактарына иштегени кетишкен.
"Чүй жана Бишкек, Ысык-Көл облустарынан көп соодагерлер келишет. Айрым учурларда Ош, Жалал-Абад тарапка да роза гүлдүн көчөттөрүн алып кетишет. Мен ак кайың жана кайың көчөттөрүн 200 сомдон сатам. Мажүрүм тал 150 сомго бааланат", - деди сатуучу Гүлнара Майлыбаева.
Терек көчөттөрдүн 2 метрлиги 15 сом, ал эми 5 метрликтери 20 сом. Мындан сырткары кара жыгач көчөтү 200 сомдон 250 сомго чейин сатылат.
Бишкектеги көчөт базары

