super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар баш аламан системден улам майыптыкка чыгышпайт

 

Өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 178 миң жаран жашайт. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугун жакшыртууну ишке ашыруу боюнча өткөн маалымат жыйында айтылды.

Жогорудагы сан расмий катталган жарандар. Ар кандай себептер менен катталбай жүргөндөрдү эске алсак бул сан андан көп.

"Ар кандай себептер менен майыптык статусун албай жүргөндөр көп экенин өзүмдүн тажрыйбамдан билем. Кээ бирлери майып деген статустан тартынат, кээ бирлери психологиялык жактан даяр эмес. Мен өзүм төшөктө жатып калып, 6 жылдан кийин гана майыптыкты алдым. Ага чейин бул кагазды алуудан чочулап жүрдүм", - деди "Теңдик" ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын биримдигинин төрайымы Гүлмира Казакунова.

"СССР маалында жалпы калктын 3 пайызы майыптар болгон. Ошол эле убакта АКШда бул көрсөткүч 10 пайыздан жогору болчу. Азыр өлкөдөгү көрсөткүч ошол эле бойдон турат. Бул Америкада майыптар көп төрөлөт дегендик эмес, бул биздин өлкөнүн өкмөтү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге карата кайдыгер мамиле жасаганынан кабар берет. Мындай жарандардын көбү өкмөткө ишенбейт. Ошондуктан майыптыкты алышпайт", - деди "Майыптарга юридикалык жардам көрсөтүү" фондунун президенти Толкунбек Исаков.

"Менин жүрөгүм ооруйт. Эгер майыптыкты алсам 2-топко кирмекмин. Бирок мен бул документти албай жүрөм. Мунун бир себеби медициналык социалдык эксперттик комиссиянын иш алып баруудагы өтө баш аламан системи. Майыптыкты алуу үчүн толтура жерлерге барып, далай кезек күтүүгө туура келет. Мен эртең менен эрте барып бир канча күндө да ала алган жокмун, аягына чыкканча чарчап кетип калдым", - деди атын атагысы келбеген жаран.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: