super.kg logo

Элчилик: Орусиядагы жол кырсыгынан жабыркаган 18 адамдын 4өө Кыргыз жарандары

 

Бүгүн, 14-апрелде Орусиянын Ленинград облусунда орун алган жол кырсыгынан жабыркаган 18 адамдын 4өө Кыргыз жарандары. Бул тууралуу Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кырсыктан жабыркаган Кыргыз жарандары аталган облустагы Тосно клиникалык райондор аралык ооруканага жеткирилди. "Ооруканадан билдиришкендей, жабыркаган Кыргыз жарандарынын бири үйгө коё берилди. Бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө", - дешти мекемеден.

Айта кетсек, жол кырсыгы бүгүн эртең менен Тосно районунда болгон. Анда Форд үлгүсүндөгү кичи автобус оор жүк ташуучу унаанын артына кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен кичи автобустагы жүргүнчүлөр жабыркаган. Алардын ичинен бешөөнүн абалы оор экени айтылган.

Айрым маалыматтарга караганда, жол кырсыгына кабылган кичи автобус жол куруп жаткан түрк компаниясына таандык болгон. Жабыркагандардын көпчүлүгү Кыргыз Республикасынын жана Тажикстандын жарандары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
14.04.2017. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудайым боодо кырсыктан сактасын
14.04.2017. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах өзү сактасын эсен аман айыгып кетишсин
14.04.2017. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тиричилик деп кыргызым эмнелерди корбоду, кор оокаттын айынан канчалаган жердештер о дуйно кетишти уксан кабырган кайышат, эй кудайым бизге озун ыймандуу ынсаптуу чачылган кыргызды чогулткан башчы берекор ылайым
aravan.kg түзөттү 2017-04-14 23:48:33
15.04.2017. 06:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызым кырылып кетмей болдук го,жолдо абайлап жүрөлүкчү.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: