Алмазбек Атамбаев манасчы Жусуп Мамайга берилген "Кыргыз Республикасынын баатыры" жогорку наамын анын уулдарына тапшырды
Бүгүн, 15-апрелде президент Алмазбек Атамбаев манасчы Жусуп Мамайга берилген "Кыргыз Республикасынын баатыры" жогорку наамын "Ак шумкар" өзгөчө белгиси менен анын уулдары Абдыгазы Мамай менен Мукаш Мамайга тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Бул наам өлкө башчынын буйругу менен манасчы Жусуп Мамайга "Манас" улуу эпосунун жана башка эпикалык чыгармалардын сакталышына кошкон салымы, ошондой эле кыргыз элинин тарыхый жана маданий баалуулугун байытууга салган эмгеги үчүн ыйгарылган.
Өз сөзүндө президент Жусуп Мамайдын ысымы кыргыз элинин тарыхында алтын тамгалар менен жазылганын, анын элесине өзгөчө көңүл буруларын айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Уулдары атасынын сыйлыгын алып сыймыктанган учуру экен. Куттуу болсун!!!
Жусуп Мамайдын жаткан жери жайлуу болсун, эл эсинде туболук калаарлык эмгектери дагы да сыйга арзый берсин!!