Москвада мекендештерин карактап, тоногонго шектүү 2 кыргыз изделүүдө



Москвада мекендештерин карактаганга шектүү 2 кыргыз изделүүдө. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгынын Москва шаарындагы өкүлү Аскат Алиев кабарлады.
"11-апрелде Москва шаарынын полиция кызматкерлери тарабынан, каракчылыкка шектүү Кыргыз Республикасынын 21 жаштагы У.Ш. аттуу жараны кармалып, камакка алынган. Жанындагы кылмыш кылган шериктери из жашырып кетишкен. Азыркы күндө өкүлчүлүккө келип түшкөн маалыматка ылайык, сүрөттөгү адамдар өз мекендештерибизди карактаган бир нече фактылар бар. Ошондуктан кимде-ким булардын колунан жабыр тарткан болсо, бизге арыз менен кайрылууңуздарды суранабыз", - деген Аскат Алиев.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр көбүнчө түнкүсүн, такси кызматындагы мекендештерге курал менен кол салып, тоноп жүрүшкөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Канча адамды какшатып кетишти экен ?
Арам тамак тешип чыгат. АК мээнетин менен акча тапканга эч нерсе жетпейт.
Чет жакта бири бирибизди колдогондун ордуна тоноп, уруп , соккон жакшыбы?
Бирок, кармалышса жазаларын тартсын эми куноолору далилденип атса.
Эээх, Кыргыздын жигиттери...