Муфтияттын алдында аялдар менен иштөө тармагы ачылат

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жаштар бөлүмүнүн алдында аялдар менен иштөө тармагы ачылат. Мындай чечим 7-майда кабыл алынды. Бул тариакты “Мутакаллим” аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы жетектемей болду. Ошондой эле 5 күндүк атайын семинардан кийин бардык облустардан жана Бишкек менен Ош шаарынан келген аялдар тармагында иштемекчи болгон кадрлар муфтий Рахматулло ажы Эгембердиев менен жолугушту. Аялдар менен иштөө тармагы бир гана мамлекеттин ичинде эмес эл аралык мусулман аренасында дагы тез өнүгүп, кызматташуулар артып баратканын белгилеген муфтий бул тармактан эки адам Араб Эмираттар жана экөө Кувейтке барууга жакын арада документтерин даярдашы керектигин эскертти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

