super.kg logo
  Спорт  

Ош шаарында ММА жана панкратион боюнча Азия чемпионаты өтөт

 

Ош шаарында ММА жана панкратион боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу ММА жана панкратион федерациясынын президенти Улукбек Өмүрзаков билдирди.

Азия мелдеши Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо 19-22-май күндөрү өтөт.

"Учурда мелдеш өтүүчү стадионду Азия чемпионатына ылайыктап даярдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Чемпионатка Ооганстан, Кытай, Индия, Иран, Кыргыз Республикасы, Казакстан, Монголия, Сингапур, Түштүк Корея, Тажикистан жана Өзбекстан, жалпысынан Азиянын 12 мамлекетинен спортчулар келет. Ал эми Кыргыздын намысын 8 спортчубуз коргойт. Мындай чоң спорттук иш-чаранын Ош шаарында өтүшү элибиз үчүн да чоң сыймык", - деди Улукбек Өмүрзаков.

Панкратион жана ММА федерациясы 2013-жылы түзүлгөн. Ал Фёдор Емельяненко ардактуу президенти болгон Бүткүл дүйнөлүк ММА ассоциациясына мүчө болуп эсептелинет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
16.04.2017. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошту коро элекмин жайында барып коруп келемго оло кооз дешет самсасынан жеп Сулайман тоого чыгып дегендей
17.04.2017. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zhykyo,Ошко келсен арман кылбайсын,эн сонун жер
17.04.2017. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ali-han, сын-пикирлер атайын дарекке жөнөтүлүшү керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: