Өткөн суткада өлкөдө 6 өрт кырсыгы катталды
ӨКМнын Өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмүнүн башчысы Уланбек Танабаев билдиргендей, өткөн суткада өлкөдө 6 өрт кырсыгы катталды. Айта кетсек, Бишкек шаарында 2, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2 жана Ош облусунда 1 тилсиз жоо орун алды. Бишкек шаарындагы Л.Толстой – Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан май куюучу станциянын оператору отурган бөлмөдөн өрт чыгып, бир нече буюм күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.