Бишкекте Байтик баатыр менен Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишинде 2 унаа сүзүшүп, 15тей адам жабыркады




Бүгүн, 16-апрелде Бишкекте Байтик баатыр менен Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишинде маршруттук такси менен Тойота Камри унаасы сүзүштү. Күбөлөрдүн айтымында, маршруттук таксиде 15тей жүргүнчү болгон. Ошондой эле айрым күбөлөр жол чырак кызыл күйгөн кезде №199-маршруттук таксинин айдоочусу токтобой, жолун улантканын айтышса, айрымдар Тойота Камринин айдоочусу жолго эрте чыгып алганын айтышууда.
"Байтик баатыр менен келе жаткан маршруттук таксини Максим Горький көчөсүнөн чыккан Тойота Камри унаасы сүздү. Тойотанын айдоочусу жолго эрте чыгып алды. Кырсык болгон соң ал унаасынан чыга калып, маршруттук таксинин айдоочусун чапкылап, коркутту", - деди өзүнүн ысымын атагысы келбеген күбө.
Видеодо маршруттук такси сүзүлгөн соң, сүрүлүп келип, башка унаага жетпей токтогон. Кырсык саат 18:00дөр чамасында болгон. Жүргүнчүлөр арасында каза болгондор жок, бирок ар кандай жаракаттарды алышкан.
Байтик баатыр Горький көчөлөрүндө болгон жол кырсыгы
Байтик Баатырдагы кырсык
Байтик баатыр менен Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги кырсык

Заман болуп калыпты го.Кудай озу
Сактасын бодо кырсыктан баарыбызды.Сак бололу.
Видеону дагы бир жолу корсон жакшылап,
берки беттеги кара машина как положено
кызылга токтоду