Казак ырчысы Димаш Кудайбергенов Кытайда өткөн музыкалык сынакта экинчи орунду багынтты



Димаш Кудайберген кытайлык ырчы Шан Венже менен


Биринчи орунду алган гонконгдук ырчы Санди Лэм (Sandy Lam)
Димаш Кудайбергенов Кытайда болуп өткөн "I am a Singer" музыкалык сынагынын финалында экинчи орунду алды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар кечээ, 16-апрелде жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, биринчи орунду гонконгдук ырчы Санди Лэм (Sandy Lam) алган. Казак ырчысы финалда кытайлык ырчы кыз Шан Венже менен дуэт аткарган. Анда алар поп-музыканын падышасы аталган Майкл Жексондун төрт чыгармасын: "The Way You Make Me Feel", "Dangerous", "Billie Jean", "Earth song" бир композиция менен аткарышкан.
Белгилей кетсек, аталган өлкөдө Димаш Кудайбергенов "Эл аралык деӊгээлдеги популярдуу ырчы", "Азиянын эӊ популярдуу аткаруучусу" аталган.
Димаш Кудайберген "I am a Singer" сынагында 2-орунду алды
"I am a Singer" сынагынын жеңүүчүсү
Димаш Кудайберген, Шан Венже "I am a Singer" сынагы, финал
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

ооба,анан сонку кабар дегеничи.
Молодец