super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте "Элдик парламенттин" иши боюнча сот өтүүдө. Соттун алдында 30га жакын адам чогулду

 

Бүгүн, 17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда "Элдик парламенттин" мүчөлөрү Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун, Дастан Сарыгуловдун жана Эрнест Карыбековдун иши боюнча сот отуруму өтүп жатат. Анда соттун чечими чыгары күтүлүүдө.

Соттун алдында милиция кызматкерлери жана соту болуп жаткан жарандардын 30га жакын тарапташтары турушат. "Буга чейинки сот отурумдарында Кадыровдон башкасы акыркы сөздөрүн айтышкан. Учурда Кадыров акыркы сөзүн айтып жатат", - дешти SUPER.KG порталына адвокаттары.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын май айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландашкан" деген негизде камакка алынышкан. Алар 12 жылдан 22 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Мамлекеттик айыптоо Дастан Сарыгуловду 12 жыл, Кубанычбек Кадыровду 16 жыл, Бектур Асановду 15 жыл, Эрнест Карыбековду үй-мүлкүн конфискациялоо менен 22 жылга эркинен ажыратууну сунуштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: