Эркин Сопоков Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Сопоков Эркин Мамасалиевич Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 17-апрелде билдирди.
Эркин Сопоков эмгек жолун 1984-жылы "Кадамжай" совхозунда жумушчу катары баштаган.
1985-1989-жылдары "Кыргыз өлкөсүнүн 60 жылдыгы" совхозунда айдоочу.
1989-1991-жылдары мал союучу жайдагы от жагуучулардын окутуучусу.
1998-жылы Ташкенттеги Ислам институтун аяктап, "Кыргызавтомаш" ишканасында айдоочу. Аталган ишканада Алмазбек Атамбаевдин жеке айдоочусу болгон деген маалыматтар айтылды.
Ички иштер министрлигинде, Мамлекеттик салык инспекциясында да эмгектенген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

