super.kg logo
  Саясат  

Алмамбет Шыкмаматов: "Президенттик шайлоо 2 тур менен өтсө, азыркы ажо кошумча 82 күн кызматта турат"

 

Президенттик шайлоо 19-ноябрда өтсө, алдыда чоң көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Бул тууралуу 17-апрелде "Ата Мекендин" депутаты Алмамбет Шыкмаматов журналисттер менен жолугушууда билдирди.

"Президенттик шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтсө, шайлоонун легитимдүүлүгүнө шек жаралышы мүмкүн. Эгерде шайлоо 1 тур менен өтсө, азыркы президент кошумча 41 күн кызматта турат, эгерде шайлоо 2 тур менен өтсө, кызматтык мөөнөтүн 82 күнгө узартып алат. БШКга шайлоонун жыйынтыгын жарыялоо үчүн 3 күн, добуштарды эсептөөгө 20 күн керек, 30 күн ант берүүгө берилет. Мыйзамга ылайык, президент мыйзамдуу мөөнөтүн 1 күн, 1 саатка дагы узартууга акысы жок. Конституцияда президент 6 жыл 80 күнгө эмес, 6 жылга шайланат деп жазылып турат. Бул эң башкысы. Бир дагы мамлекеттик органдын президенттин мөөнөтүн узарткан чечим чыгарып берүүгө укугу жок. Жаңы президент башынан эле ээрге кыйшык отурса, ошол президент элге биримдик алып келеби? Тескерисинче, баарыбызды укуктук хаоско алып келет. Күчкө салып шайлоону 19-ноябрга дайындашы мүмкүн, бирок мунун артында чоң көйгөйлөр жатышы мүмкүн. Биз алдын ала кулак кагыш кылып, эскертип жатабыз", - деди Шыкмаматов.






Алмамбет Шыкмаматов: "Президенттик шайлоо 27-августта өтүшү керек"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: