"Өмүрбек Текебаевдин абалы жакшы" деди Шыкмаматов



Камакта отурган депутат Өмүрбек Текебаевдин абалы жакшы. Маалыматты 17-апрелде "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов айтты. Текебаевге адвокаттары күндө жолугуп жатканы айтылды. "Мен өзүм марттын аягында жолугушкам", - деди.
Эскерте кетсек, "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге 25-февралда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Депутат "коррупция", "алдамчылык" беренелери боюнча күнөөлөнүүдө. Орусиялык ишкер "Текебаев 2010-жылы менден 1 миллион доллар алган" деп көрсөтмө берген. Европадан Бишкекке Стамбул аркылуу учуп келген Текебаев 26-февралда "Манас" аэропортунан УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган.
9-мартта Текебаевдин баш коргоо чарасын Бишкек шаардык соту карап, аны 2 айга камакка алуу боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.
Алмамбет Шыкмаматов: "Президенттик шайлоо 27-августта өтүшү керек"

