super.kg logo

Саякат: Түркиянын эң мыкты окуу жайында окуп, 3 континентти кыдырып чыккан 24 жаштагы кыргыз жигитинин баяны

 

Дүйнөдөгү эң мыкты жогорку окуу жайлардын катарын толуктаган Стамбул шаарындагы Босфор (Boğaziçi) университетинде өнөр жай инженери адистиги боюнча билим алып жаткан мекендешибиз Бакай Баязбеков 24 жашта. "Рио-2016" Олимпиадасына ыктыярчы болуп катышып, “Mercedes Benz” компаниясынын Түркиядагы ишканасында тажрыйба топтоп, 3 континентти кыдырып чыккан кыргыз жигити кыялдарын кантип ишке ашыргандыгы тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.

Стамбул, Босфор университети

5 жылда 5 континентти кыдырып чыгуу максатын койгом

Нарындын Ак-Талаа районуна караштуу Үгүт айылынын кулуну болом. 2010-жылы Каракол шаарындагы Кусейин Карасаев атындагы кыргыз-түрк “Себат” лицейин аяктагам. Окуучулук кезимде эле өнөр жай инженери болом деген кыялым бар эле. Кыргыз мамлекетиндеги Советтер Союзу учурунан бери иштетилбей калган ишканалар, фабрикаларды көрүп, келечекте аларды кайра иштетем деп тилек кылчумун. 2013-жылы Босфор университетине өтүп, мен каалаган кесип боюнча билим ала баштадым. Түркияга жаңы келгенде 5 жылдын ичинде 5 континентти кыдырып чыгам деп алдыма максат койгом. Азыр алардын ичинен мен бара элек Австралия калды.

Берекелүүлүгү менен айырмаланган Стамбул мага бардык мүмкүнчүлүктөрдү ачып берди

Түркия мамлекетинде жаңы достор, жаңы маданият менен тааныштым. Ал жактагы адамдар ынтымактуу, ак көңүл келишет экен, кандай темада болбосун жардамын аяшкан жок. Берекелүүлүгү менен айырмаланган Стамбул мага бардык мүмкүнчүлүктөрдү ачып берди.

Америкада жүк ташуучу унаа айдаган кыргыз кызды көрүп таң калдык

2014-жылы досторум менен бирге АКШнын Флорида штатындагы Орландо шаарында “Universal studios” деген дүйнөгө белгилүү кинокомпаниянын тасмаларынын каармандарына арналган көңүл ачуу паркында фотограф болуп иштедик. Эки ай иштеген соң тапкан акчабызды башка штаттарга болгон саякатка жумшадык. Саякаттоодогу максатыбыз - Американы жөн эле кыдыруу эмес, аны менен биргеликте АКШнын ар бир штатынан кыргыздарга жолугуп, алардын эмне менен алектенип жашап жатканын изилдөө болчу. Мен кабарчы болсом, дос балам оператордун ролунда болуп, сапарыбызды баштадык.

Американын ар бир штатынын өзүнүн өзгөчөлүгү бар экен. Мисалы, Флоридадагы кыргыздар ресторан иштетишет экен. Огайо штатында кыргыздар көп, кыздар көбүнчө чач-тарач, сулуулук салондорунда иштешсе, эркек балдар топтошуп, чатырларды коюп акча табышат экен. Чикагодогу мекендештерибиздин көпчүлүгү такси кызматтарында иштешет экен. Таксист болуп иштеген кыргыздардын саны биз барган мезгилде миңге чукул болчу, таң калычтуусу, алардын 300ү кыздар экен. Анан жүк ташуучу унаа айдаган кыргыз кызды көрүп дагы таң калганбыз. Массачусетс штатынын Бостон шаарындагы кыргыз балдардын көбү пицца жеткирип иштешет. Бардык штаттардагы кыргыздар бизди жакшы коноктошту. Жергиликтүү калктын маданияты, жашоосу менен таанышууга дагы жетиштик.

Америка Кошмо Штаттары

Венадагы Экономика жана бизнес университетинде 1 ай билим алдым

2015-жылы студент алмашуу программасы аркылуу Австриянын борбору Венадагы Экономика жана бизнес университетинде Канада, Австралия, Бразилия, Америка, Гонконг, Кытай, Сингапур, Япониядан келген студенттер менен бирге окудум. Түрдүү улуттун, мамлекеттердин өкүлдөрү менен таанышуу мага чоң пайда алып келди. Жаңы маданияттарды үйрөндүм, досторум көбөйдү. Окуумдун мөөнөтү аяктаганда досум менен Прага, Берлин, Франкфурт, Дармштадт шаарларына, Бельгия, Нидерланды, Франция, Италия, Швейцария мамлекеттерине бардык.

Европа

Париж кир шаар экен

Париж десе, романтиканы элестетчү элем, чындыгында кир шаар экен. Мисалы, Эйфель мунарасынын жанына барсаң, таштандылар жатат, чөп-чарлар тебеленген. Швейцариянын жашоо сапаты, тазалыгы, элдердин бири-бирине болгон ишеними жогорку деңгээлде экен.

Франциялыктар өз тилинде гана сүйлөсө, немистердин кабагы ачылбайт экен

Немистерди сыртынан караганда кабагы бүркөлгөн, чөнтөгүнөн бычагын алып сайып жиберчүдөй түрү бар калктай көрүндү (күлүп). Бирок алардын тактыгы, көчөлөрүндөгү тартип, тазалык суктандырды. Француздар зыкым болушат экен, өзүнүн тилинде эле сүйлөшүп, англисче суроо узатсаң, французча жооп берип жатышты. Бирок англисче билишет.

"РИО-2016" Олимпиадасына ыктыярчы болуп барып, өз кесибим боюнча иштедим

"Рио-2016" Олимпиадасына ыктыярчы болуу үчүн олимпиадалык комитеттин адамдык сапаттар, чет тилдер боюнча сынактарынан, англис тилиндеги онлайн-интервьюдан ийгиликтүү өтүп, чакыруу алгам. Олимпиада, паралимпиада болуп экиге бөлүнөт эмеспи. Олимпиада башталганда мен “Mercedes Benz” компаниясынын Стамбул шаарындагы унаа чыгарган ишканасында тажрыйба топтоп жаткам. Ал жерде немистер менен чогуу эки ай эмгектендим. Стажировкам бүткөндөн кийин Паралимпиада оюндарына ыктыярчылык кылуу үчүн Рио-де-Жанейрого сапар алдым.

Рио-2016 Олимпиадасы

Паралимпиадада Баскетбол оюн талаасында IT адисинин жумушун аткардым. Стадиондогу орундуктардын биринчи катарында, калыстар менен чогуу отурдум. Эгер компьютерде маселе жаралса, дароо оңдоп берип жаттым. Өлкөбүздүн атынан келген Кыргыз спортчулары - оор атлетчилер Эсен Калиев, Жыргалбек Орозбаевдер менен таанышып, алар менен чогуу Рио-де-Жанейрону кыдырып чыктык. Олимпиададан кайтып келе жатканда Африкадагы Марокко өлкөсүндө бир күн болдум.

Венадагы Экономика жана бизнес университети

Эне тилимден сырткары 5 тил билем, бул артыкчылыгым кыялдарымдын ишке ашуусуна жардам берди

2018-жылы Австралияга барууну көздөп жатам. Ушул мезгилге чейинки кыялдарымдын орундалышына биринчи кезекте бир туугандарымдын, ата-энемдин колдоосу, андан кийин өзүм түрткү болдум десем жаңылышпайм. Кыялданганды жакшы көрөм, максаттарыма жетүү үчүн бардык аракетимди жумшайм. Ошондой эле чет тилдерди билгенимдин мага көп жерден жардамы тиет. Эне тилимден сырткары орус, англис, түрк, немис, португал тилдеринде эркин сүйлөй алам.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(19)
19.04.2017. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Молодец! Ишине ийгилик!
19.04.2017. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азамат!
19.04.2017. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кандай сонун а
19.04.2017. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы максатына жет Жараткан Алла кыялдарынды орундатсын кыргызымдын керегине жараган азаматтардан бол сен менен сыймыктанабыз!Канча тил билсен ошончо адамсын Ч.АЙТМАТОВ
19.04.2017. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мынакей биздин болочокпрезидентибиз:).ар дайым жолуң ачык болсун
19.04.2017. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баракелде иним арекет кылсан берекетин коросун деген бекеринен эмес экен,Кыргыздын желбирегин дуйно жузундо желбирет!!!
19.04.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын!
19.04.2017. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Келечегин кен болсун
19.04.2017. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Максат ар бирибизди кучтуу кылат. Максат менен жашоо керек
19.04.2017. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргызстанга келип экономиканы көтөрүп өнүктүрө турган сендей жаштар бар экен, кудайга шүгүр. Эми окууңа, ишиңе ийгилик. Азамат.
19.04.2017. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эх Кудайым мага да ушундай путешествия Насип этсин
19.04.2017. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик
19.04.2017. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ак- талаа алга алга
19.04.2017. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат
19.04.2017. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин балдарым да сага окшоп илим билимдүү эл жер көргөн адам болсун оомийин.!
19.04.2017. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишине ийгилик сага окшогон бала болсун балам да оомин
19.04.2017. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat!
20.04.2017. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мээ дагы бар экенда коз тийбесин. Биздин балдар да ушу баладай акылдуу болсо экен. Тилегине жет ылайым.
20.04.2017. 05:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Стамбулда аракети күч, келечектен көптү үмүттөндургөн жаштар көп! Азамат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: