super.kg logo
  Саясат  

БШК "Ата Мекен" партиясынын депутаттарынын президенттик шайлоо боюнча билдирүүсүнө жооп берди

 

Борбордук шайлоо комиссиясы "Ата Мекен" партиясынын депутаттарынын президенттик шайлоону 27-августта өткөрүү керектигин айтышканына жооп берди. Бул тууралуу расмий билдирүүнү 17-апрелде БШКнын басма сөз кызматы таратты.

Анда "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 61-беренесине ылайык президент Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан 6 жылга шайланат.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык келерки президенттик шайлоо учурда иштеп жаткан президенттин шайланган мөөнөттөгү ыйгарым укуктары аяктоочу жылдын ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өткөрүлөт жана шайлоо күнүнө чейин 4 ай калгандан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2011-жылы 30-октябрда болуп өткөн. Кыргыз Республикасынын Президентинин алты жылдык мөөнөтү 2017-жылы аяктайт. Жогоруда айтылган Конституциялык мыйзамдын нормаларына ылайык 2017-жылдын ноябрынын үчүнчү жекшембиси, башкача айтканда, 19-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоо өткөрүлмөкчү" деп айтылат.

Айта кетсек, "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова жана Наталья Никитенко маалымат жыйын өткөрүп президенттик шайлоо боюнча билдирүү жасашкан. Алмамбет Шыкмаматов 1-декабрда жаңы президент кызматына киришип калышы керектигин, экинчи тур, жана башка процедураларды эске алганда президенттик шайлоо 27-августта өтүшү зарыл экенин айтып чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: