super.kg logo
  Саясат  

Вице-премьер Жеӊиш Разаков: "2016-жылы кылмыштар 5,5 пайызга азайган"

 

Кыргыз мамлекетинде 2016-жылы кылмыштардын саны 5,5 пайызга азайган. Бул тууралуу 18-апрелде парламентте комитет жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.

Айтымында, 2016-жылы 27 481 кылмыш фактысы катталып, бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу 5,5 пайызга аз. “Өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан 22 917 кылмыштын бети ачылып, кылмыш ачуунун деӊгээли 68,2 пайызды түзгөн. Жалпысынан кылмыш жасаган 16 607 адам аныкталган, алардын ичинен кылмыш жоопкерчилигине 13 542 адам, анын ичинде 2 211и аял тартылган”, - деди Разаков.

Мындан тышкары Разаков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы 2 миллиард 728,8 миллион сом суммасына зыян келтирилген 1 217 фактынын бетин ачканын айтты.

Эске салсак, парламент комитеттеринде өкмөттүн 2016-жыл боюнча отчёту каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: