super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 18-АПРЕЛЬ: Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов 48 жашка чыкты

 

Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов 48 жашка чыкты. Ал 1969-жылы 18-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айылында туулган. 1989-жылы Ош техникалык университетине экономист-менеджер адистигине ээ болуу үчүн тапшырып, аны 1998-жылы аяктаган.

Мелис Мырзакматов 1995-1996-жылдары Ош облустук Ички иштер башкармалыгында иштөө менен эмгек жолун баштаган. 1996-1997-жылдары Мамлекеттик салык инспекциясынын Ош облусу боюнча инспектору болуп иштеген. 1997-жылдан 2007-жылга чейин жоопкерчилиги чектелген коомдордун, кайрымдуулук фондунун жетекчилик кызматтарын аркалаган. Ал эми 2007-жылы "Ак жол" партиясынан Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

2009-жылдын январында Ош шаарынын мэри болуп шайланган. 2013-жылдын 5-декабрында Ош шаарынын башчылыгынан бошотулган. Анын кызматтан алынгандыгы тууралуу буйрукка 5-декабрда ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон. Өкмөт Мелис Мырзакматовдун кызматтан бошотулуусу Ош шаарынын жетекчилигине боло турган шайлоого байланыштуу кабыл алынган чечим экенин, ошондой эле мэрди бошотууда өкмөт башчы конституциялык укугунан пайдаланганын билдирген.

18-апрелге карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: