super.kg logo
  Саясат  

Депутат Акылбек Жамангулов: “Стратегиялык объекттерди жеке менчик күзөтчүлөр кайтарып жатканы туура эмес”

 

“Стратегиялык объекттерди жеке менчик күзөтчүлөр кайтарып жатканы туура эмес”, - деп “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов бүгүн, 18-апрелде парламентте Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жана Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттеринин жыйынында билдирди.

Ал стратегиялык объекттерди Ички иштер министринин алдындагы күзөт кызматы кайтаруусу керек экенин айтты.

"Мамлекеттик мекемелерди дагы жеке менчик күзөтчүлөр кайтарып жатышат. Ага макулмун. Бирок стратегиялык объекттерди дагы ошолор кайтарып жатканы болбойт. Алар жеке менчик компаниялар менен келишим түзүп иштеп жатат”, - деди ал.

Ошол учурда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков мыйзам боюнча стратегиялык объекттерди күзөт кызматы кайтаруусу керек экенин билдирип, бул маселе каралып жатканын кошумчалады.

“Жеке менчик компаниялар биздин талаптар менен келишимдин негизинде иштөөдө. Бирок мен сиздин сунушуңузду колдойм. Бул маселе сөзсүз чечилет”, - деди ал.

Аталган эки комитетте өкмөттүн бир жылдык аткарган иштери каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: