super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СУПЕРСТАН: "Жерлигине карайм деп, нарындык сулууну жоготуп, азыр дале таппай жүрөм..."

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Турмуш курууда жерлигине карайсыңарбы?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мурун маани берчү эмесмин, азыр карайм, көрсө, төркүнүмдөн алыс кете албайт экенмин. Бирок эч качан өзүмдүн айылымдан же райондон чыккан балага тиймек эмесмин. Анча жакын төркүндүн да кереги жок. Кайсы жактан болбосун, шаарда деп айтпайм, бирок Чүй облусунда жашаса турмуш кура бермекмин. Башкысы иши кылып, эптеп эрге тийип алсам эле болду".

"Мурун "алыс кетпе, жакын жерге эле барганың жакшы" дечү апам. Азыр өзүн-өзү эптеп кете алат деп көзү жеттиби, "иши кылып кайда барсаң да бактылуу болсоң болду" деп макулдугун берди".

"Эң негизгиси акылдуу, түшүнүктүү, жөнөкөй кыргызымдын кызы болсо болду, жерлиги кызыктырбайт".

"Жерлигине карагандардын бир олуттуу аргументи бар, ал - адамдардын ошол жашаган жердеги кабыл алынган өзгөчөлүктөрү, айырмачылыктары. Анан жаңы жерге келин болуп барган кыздын ошол жерге сиңип кетишине карай айтылган ойлор болсо керек. Ал эми кээ бирлердин "баланча бул жактык, ошол жактыктарды жек көрөм" дегендерин наадандыктын дал өзү деп эле билем".

"Чөйрө тарбиялайт дегенине толук ишенем, мектепте окуп жүргөндө "Оштон албаш керек, алар мындай, тигиндей" деп досторум айтчу, мен да "оштук албайм, албаш керек" деп жүрчүмүн. Окуу жайда окуп жүрүп, оштук балдар, кыздар менен достошуп, өзүмө өзүм таң калгам, "эмнеге жаман көрчүмүн, aйырмабыз кайсы, бир эле кыргызбыз да" деп. Азыр мен үчүн кайсы жерден экени мааниге ээ эмес, жерлигине карабайм, эң башкысы бири-бирибизди сүйүп жана түшүнө билип, турмуш куруп, бактылуу болушумду гана тилейм".

"Жерлигине карайм деп нарындык сулууну жоготуп, азыр дале таппай жүрөм..."

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
18.04.2017. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба бизге деле ата энебиз тундуктон албагыла деп айтышат..
19.04.2017. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
jengoo,)))
19.04.2017. 07:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тундуктон алса не болот??касиетту жер ошол тундук..эч кандай жер кочку сел дегенди билбейбиз алланын бейиши болгон тундугумдон 5 айланса болот..
19.04.2017. 08:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чон атамдын жети кызы бар, жети кызы 7 областка тийген, Баткен, Алай, Чуй, Нарын, айтор баары, коп деле ишим жок тундук туштук менен, а чон атам жети куйоо баласынын ичинен Баткендик куйоо баласын жакшы корот, ар дайым жанына отургузат. Анын башкаларга караганда адамгерчилиги жакшы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: