super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: БШК Атамбаевдин президенттик мөөнөтү кайсы күнү бүтөрүн билбейт

 

Бүгүн, 18-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Президенттик шайлоо күнү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы билдирүү жасады. БШК мурдагыдай эле "президенттик шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтүшү керек" деген пикирин кайталап, Конституциянын талабынан мурун Шайлоо жөнүндө мыйзамдын "президенттик шайлоо иштеп жаткан президенттин мөөнөтү аяктоочу айдын 3-жекшембисинде өтөт" деген нормасын бетке кармоодо. Азыркы президенттин мөөнөтү Конституция боюнча 2017-жылдын 1-декабрында аягына чыгарын айтпай, 2017-жылы бүтөт деп жалпы атап тим болду.

Жогорку Кеӊештеги коалициялык көпчүлүк көптүгүнө салып президенттик шайлоону 2017-жылдын 19-ноябрына дайындашы мүмкүн. Мындай шартта жаӊы шайланган ажонун кызматка киришүүсүнө 12 гана күн калат. Бул аралыкта БШК добуштарды санап, расмий жыйынтыкты жарыялап, жаӊы президент ант берүүгө үлгүрүшү керек, эгер Конституциянын нормасы бузулбасын десе. Экс-депутат, юрист Чолпон Жакупова президенттик шайлоо Конституциянын негизинде өтүшү керектигин айтып "ата мекенчилерди" колдоду. Кыска убакыттын ичинде шайлоонун жыйынтыгын жарыялап, ант берип, кызматка киришүү мындан 8 жыл илгери болгон. 2009-жылдын 23-июлунда Кыргыз жеринде президенттик шайлоо өтүп, Курманбек Бакиев экинчи мөөнөткө шайланган. Бакиевдин инаугурациясы 3-августта өтүп, Өкмөт үйүндө президент ант берип ишке киришкен. Бирок жыл айланбай ал кызматтан куулган. "Ата Мекендин" депутаты Алмамбет Шыкмаматов президенттик шайлоонун легитимдүүлүгүн камсыздоо зарыл дейт. "Бийлик кааласа шайлоонун жыйынтыгын 1 күндө чыгарып, жаӊы президент кызматына киришип калышы мүмкүн. Ооба, убагында Бакиев шайлоодон кийин 1 аптанын ичинде кызматка киришкен. Бирок эсибизден чыгарбайлы, Бакиев ошол үчүн бүгүн өлкөдө эмес", - дейт ал. Бүгүн БШКнын мүчөлөрү да "мыйзамдардан Конституция жогору турат" дегенди ачык айта албай жатышат. Жарандык коомдун пикири эртеӊ билинет. Бишкекте эксперттер "Президенттик шайлоо качан өтүшү керек? Августтабы же ноябрдабы?" Ушундай темада талкуу уюштурууда...

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Ташкентке иш сапары менен барууга даярданып жатканын Тышкы иштер министрлиги тастыктады. Качан барары так белгисиз, министрлик сапардын максатын айткан жок. Бирок коӊшу өлкөнүн ТИМи сүйлөшүүнүн маӊызы боюнча алдын ала маалымат таратты. Буга чейин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз-Өзбек чек арасынын 1000 чакырымы такталып, макулдашылганын, эми аны эки өлкөнүн президенттери атайын макулдашуу менен бекитерин маалымдаган эле. Андыктан сапардын алкагында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасына байланыштуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын 24-декабрында Өзбекстанга иш сапары менен барып, коӊшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзийоев менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Кыргыз президенти: "Көз карандысыздык үчүн күрөшүү этабы бүттү, эми мамилелерди өнүктүрүүгө басым жасап, чектөөлөрдү алуу керек", - деп билдирген. Атамбаевдин Өзбекстандагы сапарынан кийин президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн ошол маалдагы башчысы Сапар Исаков Кыргыз-Өзбек чек арасындагы талаштуу аймактар боюнча маселелер жакынкы айларда чечилерин айткан. 2016-жылдын августунан 2017-жылдын апрелине чейин чек ара боюнча өлкөлөр ортосунда 10 жолу сүйлөшүү жүргөн. Ушул тапта Наманган шаарында сүйлөшүүлөрдүн соӊку раунду жүрүүдө, сүйлөшүү 20-апрелде жыйынтыкталат. Чек ара талашында жылыш бар экенин Өзбекстан биринчи болуп билдирип, алдыда маанилүү документке кол коюларын кабарлады. Андыктан Алмазбек Атамбаевдин бул жолку Ташкентке сапарында жылдап созулган чек ара көйгөйлөрүнө чекит коюлат, жок дегенде негизги тоскоолдуктар жоюлат деген үмүт бар...

Үстүбүздөгү жылдын 25-апрелинен тарта Кыргыз жарандары Казакстанда 30 күнгө чейин каттоосуз жүрүү укугуна ээ болушат. Көптөн күткөн мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев тарабынан кол коюлду. Кыргыз-Казак өкмөттөрүнүн ортосундагы тийиштүү келишимди өзгөртүү жөнүндө мыйзамды Жогорку Кеңеш 1 ай мурун кабыл алган эле.

Бул ЕАЭБ берген жеӊилдиктердин бири. Кыргыз Республикасы 2015-жылы Евразиялык экономикалык биримдикке кирип жатканда Кыргыз жарандарына альянстагы мамлекеттерде 30 күн каттоосуз жүрүү жеӊилдиги берилери убада кылынган. Убаданы документ менен бекемдөөгө дээрлик 2 жыл керектелди. Кыргыздар Казакстанда 5 күндүн ичинде каттоого туруу милдетинен бошотулбай жатканын убагында коӊшу өлкөгө кирип-чыккан катардагы жарандардан тарта, мамлекет жетекчилерине чейин айтып чыгышкан. Казакстан Кыргыз жарандарынын каттоого туруусуна карата жеӊилдик берүүнү караган протокол даярдаганы 2016-жылдын соӊунда гана белгилүү болгон. Саналуу күндөрдөн кийин Казакстандын мекендештерге мамилеси байкалат. 25-апрелден тартып бул мыйзам Казак жергесинде иштеп баштайбы же ар кандай шылтоолор менен Кыргыз жарандарынан 5 күндүн ичинде каттоого туруу талап кылына береби, убакыт көрсөтөт. Анткени ЕАЭБдин алкагында чек арада ветеринардык көзөмөлдү жоюу өңдүү тоскоолдуктар биримдиктин талаптарына карабай эмдигиче жоюла элек...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: