super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасы: “Бавария” “Реалды” конокто утууга аракет кылат, “Лестер” “Атлетикону” кабыл алат

 

19-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын чейрек финалдык оюндарынын жооптук беттештери орун алат. Мадридде “Реал” немис футболунун күзгүсү “Баварияны” кабыл алат. Англия чемпиону “Лестер” мадриддик “Атлетико” менен ойнойт. Бул түнү Мадрид майрамга же кайгыга чөмүлөрүн эки беттеш аныктайт.

Дөө-шаалар тиреши-2. Камбэк күтүлөбү?

"Реал М" (Испания) - "Бавария" (Германия)

Биринчи оюндун жыйынтыгы – 2:1

Стадион: Мадрид шаары, "Сантьяго Бернабеу" стадиону.

Калыс: Виктор Кашшаи (Венгрия)

Башталышы: 00:45 (Бишкек сааты боюнча)

“Бавария”: Роберт Левандовски жардамга келет

Европанын дөө-шаа командалары кайрадан футбол талаасында кез келишет. Аталган оюндун биринчисинде Карло Анчелотти өз шакирти Зинедин Зидандан утулуп, эми намысын сактоо үчүн күчүн жумшайт. Чындыгында, “Бавария” үчүн оюн үйүндө болобу же коноктобу маанилүү эмес. Курамында дүйнөнүн мыкты футболчулары чогулган команда бул оюнда жок дегенде 2 гол киргизүүсү шарт. “Немис машинасынын” жарым коргоочусу Арьен Роббен “Бавария” алгачкы кооптуу абалды голго айландыруусу керек” деп билдирди. Муну менен немис командасы чабуул артынан чабуул коюуга белсенет. Жаракатынан улам биринчи оюнда катышпай калган команданын негизги бомбардири Роберт Левандовски Мадридде өтө турган беттешке толугу менен даяр. Польшалык футболчунун талаага чыгышы командалаштарына кошумча дем берет.

“Реал”: Мыкты коргонуу – чабуулга өтүү

Мадриддик команда конокто жеңүү менен жарым финалга ири кадам таштагандай болду. Бирок мыкты командалардын тирешүүсүнүн жыйынтыгын эки оюндан кийин гана чыгаруу керек. Муну Зидан жакшы түшүнөт. Аталган оюнда “Реал” биринчи максатты коргонууга коёбу же чабуулга өтөбү оюндун жүрүшүндө гана биле алабыз. Бирок футболдо мыкты коргонуу бул чабуулга өтүү саналат. Демек, Роналду баштаган Мадриддин чабуулу немис командасынын коргоочуларын жумушсуз калтырбайт. “Реал” Зидандын карамагында оюндун акыр-аягына чейин күрөшүүнү мыкты өздөштүрө алды. Бул күнү да Серхио Рамостун өнөрүнүн кереги тийип калуусу ыктымал.

Чемпион жооп кайтарат

"Лестер" (Англия) - "Атлетико" (Испания)

Биринчи оюндун жыйынтыгы – 0:1

Стадион: Лестер шаары, "Кинг Пауэр" стадиону.

Калыс: Жанлука Рокки (Италия)

Башталышы: 00:45 (Бишкек сааты боюнча).

“Лестер”: Чейрек финалдагы жалгыз англиялык клуб

Англиянын чемпиону Мадридде өткөн беттеште татыктуу жыйынтык көргөздү. 1:0 эсебин жооптук беттеште өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк бар. “Кинг Пауэр” стадионунда күйөрмандар өз сүйүктүүлөрүн 90 мүнөт бою алга сүрөйт. Болгону, Рияд Марез менен Жейми Варди дарбазага таамай болушу шарт. Аталган команданын коргоочусу Кристиан Фукс “Лестер” футболчулары талаада болгон күчүн жумшап, жарым финалга жетүүгө аракет жасайт деп билдирди. “Дагы качан Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына чейин жетерибизди ким билет, ошондуктан бүгүн тиешелүү жыйынтык көргөзүшүбүз керек” деп белгиледи.

“Атлетико”: Башкы ишеним Гризманнда

Диого Симоене аталган оюн “Атлетико” үчүн эң татаал оюндарынын бири болот деп белгиледи. Чындыгында, футболчуларынан тарта күйөрмандарына чейин Англияга конокко баруу өзгөчө көрүнүш. Бул оюнда мадриддик команда оюндун өзөгүн контр чабуулга ыкташат. Ылдам жана ыкчам оюнчулар Антуан Гризманн менен Феррейра-Карраско оюндун жыйынтыгын чечүүгө белсенет. Мадриддик ханзаада канча гол жарата аларын оюнда көрө алабыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(33)
18.04.2017. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dalwe real menen lester otot
18.04.2017. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Реал Мадрид Менен Атлетико Мадридке ийгилик
18.04.2017. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Манако же Лестер чемпион болот
18.04.2017. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец Адилет,тушунуктуу,кенен кылып баяндапсын.
Тема боюнча: Мадридтиктерге ийгилик жана жениш каалайм.
18.04.2017. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
СУПЕР ИНФО бугун Кыргызстан Туркменстан футбол ойнойт экен ошону кабарласанар жакшы болмок
18.04.2017. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aerforce, http://www.super.kg/kabar/news/184175/ бул шилтеме аркылуу кирип, маалымат алсаңыз болот
Модератор admin_portal түзөттү 2017-04-18 15:08:24
18.04.2017. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_portal, рахмат
18.04.2017. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ластер чемпион болуп даагы бир сенсация жаратса экен
18.04.2017. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реал менен Атлетикону колдойм.
18.04.2017. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бавария менен Лестерге ийгилик!
18.04.2017. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Реал айрыйт
18.04.2017. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
бавария алга сен мн жалгыз мен алга
18.04.2017. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Реал Мадрид ийгилик сага
18.04.2017. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Реалга кыйын болот но это реал это королевский клуб. Бекеринен король деп аталып калган эмес бул клуб! Ооба Бавария немистердин машинасы. Жолунан чыкканды тебелеп келишет. Германия чемпионунун жана Испания чемпионунун командалары ойноп жатат. Чынында кызыктуу оюн болот тем более Лёва чыгат поляга. Бирок кантседа бул корунуп турат фаворит Реал анткени озун жеринде ойнойт тем более конокто утушган. Так что Реал женет. Корольдон дагы дубль. Иского да ишенич куч! #халаМадрид!
18.04.2017. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атлетико менен лестерге келсек конокто болсо дагы Атлетико фаворит. Гризманн менен торрес не подарок! Атлетико 70% женет лестер 30% финал оюмча Ювентус жана Реал
18.04.2017. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur1k,торрес пенсияга чыкты. Биринчи пенсиясын алды.
18.04.2017. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Tyty1990,как будто коргондой айттын го.Реал мн Лестерге ишенимим чон.Реал3:2Бавария,Лестер3:1Атлетико
18.04.2017. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
реал алга!
18.04.2017. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баварияга ийгилик!!!
18.04.2017. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Реал утушу керек
18.04.2017. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Реал жеңет 4-1 ге. Күтө туралы.
19.04.2017. 07:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tyty1990,футболду мыкты тушунгонунду далилдепсин.бар бол досум
18.04.2017. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ластер 3:1 атлетика. Реал 1 : 2 Бавария и пенальти будет!
18.04.2017. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атлетико алга гризманнга ишеничтер квч
18.04.2017. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реал-Бавария: 2:0
Лестер-Атлетико: 3-2
Реалга ийгилик!!!!
18.04.2017. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бавария аайрыйт гейналдонор менен кошуп
18.04.2017. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бавария Атлетико алга
18.04.2017. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Реал 1 3 Бавария
18.04.2017. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
KTRKнан да коюп береби?
18.04.2017. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Реал Мадрид-Бавария 3:1 же 2:1 болот деп божомол кылып койдум состав
Навас
карвахаль начо рамос марсело
модрич каземиро кроос
иско бензема роналду чыгат
19.04.2017. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лестер 0-1 Атлетико болуп жатат
19.04.2017. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Реал женди 4:2
19.04.2017. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен айткандай состав мн чыгыптыргооо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: