super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЛНААМА, 18-АПРЕЛЬ: 62 жыл мурун улуу немис физиги Альберт Эйнштейн каза болгон

 

Мындан 62 жыл мурун, 1955-жылы 18-апрелде улуу немис физиги, салыштырмалуулук теориясынын жана ошондой эле мейкиндик, мезгил, кыймыл, жарык, зат, тартылуу жөнүндөгү түшүнүктөргө жаңы мазмун берип, физикалык теорияларды ачкан окумуштуу Альберт Эйнштейн 76 жашында АКШнын Нью-Жерси штатындагы Принстон шаарында каза болгон. Маалыматтарга караганда, өлөр алдында немис тилинде бир нече сөз айткан, бирок аны уккан америкалык медайым түшүнмөк түгүл кайра кайталап бере алган эмес.

Альберт Эйнштейн 1879-жылы 14-мартта Германияда Дунайдын сол жээгиндеги Ульм жергесинде туулган.
9 жашка чыкканда ата-энеси аны Мюнхендеги католиктик даярдоо мектебинен, гимназиядан окутушкан. Кийин Араудагы кантоналдык мектепти бүтүрүп келип, Политехникалык институттун математика жана физика мугалимдерин даярдоочу педагогикалык бөлүмүнө сынаксыз кабыл алынган. Студент болгондон кийин илимге болгон кызыгуусу артып, бир нече курстарга жазылып, катыша баштайт.
Улуу философтордун, физиктердин илимий эмгектери менен кеңири таанышат, окуудан бүт убактысын химиялык кабинеттин лабораториясында өткөрөт. 1900-жылы ал институтту эң жакшы деген баалар менен бүтөт. Бирок туруктуу иш таба албай көпкө кыйналат. 1902-жылдан баштап Берлиндеги патенттик бюродо референт болуп иштеп жүрүп, Европадагы физика жана математика боюнча жаңы эмгектер, ачылыштар менен таанышат, бул ага жакшы таасир берет.
1905-жылы жазган "Броун кыймылдары" деген эмгегинде молекулалардын жана алардын кыймылдарынын реалдуулугунун аныктыгын далилдеген. Ошол эле жылы фотондор теориясын жана салыштырмалуулуктун атайын теориясын иштеп чыгат жана аны 1916-жылы формулага салган. 1933-1940-жылдары окумуштуу талаанын гравитациялык жана башка физикалык талаалардын жаратылышын түшүндүрүүчү бирдиктүү теорияны иштеп чыгууга аракеттенген. Анын эмгектери азыркы физика менен техниканын ажырагыс бөлүгүн түзөт. Атомдук энергияны согуштук максатка пайдаланууга чечкиндүү каршы чыккан.
Альберт Эйнштейн дүйнөнүн көптөгөн академиясынын жана илимий коомдорунун мүчөсү, "Нобель" сыйлыгынын лауреаты (1921), СССР Илимдер академиясынын ардактуу мүчөсү (1927) болгон.

18-апрелге карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: