super.kg logo
  Саясат  

Чолпон Жакупова "Ата Мекен" фракциясынын президенттик шайлоону 27-августка дайындоо боюнча билдирүүсү туура" деди

 

Укук коргоочу Чолпон Жакупова "Ата Мекен" партиясынын депутаттарынын президенттик шайлоону 27-августка дайындоо жөнүндө билдирүүсүн туура деп эсептейт. Мындай оюн ал бүгүн, 18-апрелде SUPER.KG порталына билдирди.

"Конституция бизде эң негизги мыйзам болуп саналат. Башка мыйзамдар Конституция менен карама-каршы келсе, биз Конституциянын негизинде иштешибиз керек. "Ата Мекендин" фракциясы Жогорку Кеңештин токтому боюнча билдирүүсүндө туура айтылып жатат. БШК президентти шайлоо жөнүндө мыйзам менен иштейбиз деп жатат. Бирок ал мыйзам Конституциянын жанында статусу боюнча төмөн турат", - деди Жакупова.

Айта кетсек, "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары президенттик шайлоону 2017-жылдын 27-августуна дайындоо керектигин айтып чыгышкан. Депутаттар "Конституцияга ылайык шайлоону 27-августка дайындоо керек. Эгерде шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтсө, жаӊы президент 1-декабрга чейин кызматка киришүүгө үлгүрбөйт. Бул учурда азыркы президент кызматта туруу мөөнөтүн узартып алат" дешкен.

Ал эми БШК болсо мыйзамга ылайык президенттик шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтүшү керектигин билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: