Өзгөндө жааган жамгырдан улам каналга суу батпай, турак үйлөрдү каптады





Өзгөн районунда жааган жамгырдан улам каналга суу батпай, турак үйлөрдү каптады. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 19-апрелге караган түнү саат 03:30 чамасында Жылалды айылындагы Жылан-Сай каналынан суу ашып, турак үйлөрдү каптаган.
"Каналга таштандылар толуп, сел суулары батпай калган. Азыркы тапта суунун деңгээли басаңдап, тактоо иштери жүрүп жатат. Алдын ала маалымат боюнча 23 турак үйдү суу каптап, мал жандыктарды агызган", - деп билдиришти ӨКМдан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
-1

Өткөн жылы Аксы хит болду эле.