Кырсыкка учураган учактын үчүнчү учкучунун сөөгүн издөө иштери улантылууда
3-майда Чүй облусундагы Панфилов районуна кулап түшкөн АКШнын КС-135 учагынын үчүнчү учкучунун сөөгүн жана "кара кутучаны" издөө улантылууда. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн 8-майда саат 7:55те ӨКМнын 20 куткаруучусу издөө ишине киришти.
Эске сала кетсек, АКШнын КС-135 май ташуучу учагы 3-майда Чүй облусунун Панфилов районундагы Чорголу жана Чолок-Арык айылдарынын ортосундагы тоого кулаган. Учак “Манас” аэропортунан 60 тонна күйүүчү майды Ооганстанга ташып бара жаткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.