super.kg logo
  Саясат  

Гүлнара Журабаева, БШКнын мүчөсү: "Президент мөөнөтүнөн 1 күн ашык кызматта турса, кийин жоопко тартылышы мүмкүн"

 

"Президенттик шайлоо качан өтүшү керек? Августтабы же ноябрдабы?" Бишкекте бүгүн, 19-апрелде ушундай аталышта талкуу өтүүдө. Иш-чараны медиа эксперт Азамат Тынаев уюштуруп, ага Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Гүлнара Журабаева менен Кайрат Осмоналиев катышууда.

Журабаева президенттик шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтсө, 1-декабрга чейин (азыркы президенттин мөөнөтү бүтө турган күн) жаңы президент кызматына киришүүгө үлгүрбөй турганын билдирди. "Президенттик шайлоонун легитимдүүлүгүн камсыздоо үчүн тийиштүү убакыт керек", - деген Журабаева президенттик шайлоолор боюнча АКШ менен Орусиянын башынан өткөн окуяларды мисал кылды. Аталган өлкөлөрдө президенттик шайлоо кызматтагы президенттин мөөнөтү бүтөрдөн бир нече ай мурун өткөнүн айтты.

БШКнын мүчөсү президент 2017-жылдын 1-декабрынан кийин да кызматта турса, бул бийликти күч менен кармап туруу болорун белгилеп, бул үчүн 10 жылга эркинен ажыратуу жазасы бар экенин эскертти. "Буга жол бергени үчүн БШКнын мүчөлөрү да жооп берип калышы мүмкүн", - деди Журабаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: