super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров: "Журналист, ММКнын ээси бир тыйынына чейин элге отчёт бериши керек"

 

"Массалык маалымат каражаты менен алектенип, ошону менен бизнес кылып, ошол жол менен атак-даңкын чыгарам деген адам киреше-чыгашасын ачык жарыяласын. Журналист, ММКнын ээси бир тыйынына чейин элге отчёт бериши керек", - деп бүгүн, 19-апрелде парламентте "Бир Бол" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, нускасы 1000ге жетпеген гезиттердин ээлери, заңгыраган үйлөрдө, "Жип" айдап жүрүшөт.

“Бул алардын ишинде көмүскө бизнеси бар экенинен кабар берет. Гезиттери ушактарды таратып жатат. Мен 20 жылдан бери бир дагы басылма менен соттошо элекмин, эми президенттин тажрыйбасы менен мен дагы даярданып жатам. Буларды ооздуктабаса ушак-айыңды жазып, коомду былгытып, акчага байып, жыргап, мыскылдап коюп жүрүшөт. Ошондуктан отчёт бериши керек”, - деп ал “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

Ал ММКлардын жоопкерчилигин көтөрүү үчүн Кылмыш кодексине да, Административдик кодекске да өзгөртүү киргизүү керек экенин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: