super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасы: “Барселона” “Ювентустун” 3 гол артыкчылыгын жоюуга белсенет, “Монако” дортмунддук “Боруссияны” кабыл алат

 

20-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын чейрек финалдык оюндарынын жооптук беттештери жыйынтыкталат. Жарым финалдык эки жолдомого 4 команда ат салышат. “Барселона” өз үйүндө туриндик “Ювентусту” кабыл алса, Монакодо жергиликтүү команда дортмунддук “Боруссия” менен ойнойт.

Де-жавю. Эрдик кайра кайталанбы?

"Барселона" (Испания) - "Ювентус" (Италия)

Биринчи оюндун жыйынтыгы – 0:3

Стадион: Барселона шаары, "Камп Ноу" стадиону.

Калыс: Бьорн Кейперс (Голландия).

Башталышы: 00:45 (Бишкек сааты боюнча)

“Барселона”: Ири эсептеги жеңиш керек

Каталондук клуб кайрадан капаска түшкөн абалда. Мындан чыгуу үчүн Месси жана анын командасы аз дегенде 3 гол киргизүүсү абзел. Бул эми Париждики эмес, Туриндики. Алгачкы оюндагы 3:0 эсебин эми жокко чыгаруу керек. Луис Энрикенин футболчулары үчүн бул ири эсептин артыкчылыгын жоюу кадимки көрүнүш сыяктуу болуп калгандай. Андыктан Каталонияда эч ким дүрбөлөңгө түшкөн жок. “Барселона” оюнчулары өздөрүнө ишенип турарын белгилеп жатышат. Луис Энрике командасы бул оюнда чабуул, чабуул жана чабуул деген тактика менен ойной турарын айтып өттү. “Биздин максат – 5 гол киргизүү. Күйөрмандарга кайрылып кетем, оюндун 80-мүнөтүнөн тарта стадиондон кетпегиле деп суранам”, - деп белгилейт. Ооба, соңку он мүнөттө эмне болуп кетерин ким билсин, болгону бул оюндун башкы калысы Дениз Айтекин эмес экендигин унутпаган оң.

“Ювентус”: Коргонуудагы мастер-класс

Италиялык командалар коргонуу боюнча алдына эч кимди салдырбайт. Туриндик “Ювентус” өзгөчө. Анткени мыкты коргоочулар менен бирге дарбазада айтылуу Жанлуиджи Буффон өзү турат. Аталган оюнда туриндиктер коргонууну бекемдеп, кези келгенде контр чабуулга чуркайт. “Барселонада” Месси болсо, “Ювентуста” Дибала бар. Үй ээсинде Суарес болсо, коноктордо Игуаин бар. Чабуулчулар мыкты оюн көргөзөбү же коргоочуларбы муну оюндан байкайбыз. “Ювентустун” коргоочусу Жоржо Кьеллини “Барселона оюнчулары акулалардай. Эгерде кандын жытын сезсе, анда өлгөнүң” деп айтат. “Ювентус” буга даярбы, оюн далил болот.

Чабуулчулар майрамы

"Монако" (Монако) - "Боруссия Д" (Германия)

Биринчи оюндун жыйынтыгы – 3:2

Стадион: Монако, "Луи II" стадиону.

Калыс: Дамир Скомина (Словения)

Башталышы: 00:45 (Бишкек сааты боюнча).

“Монако”: Мбаппе жылдызга айланабы?

Франциянын чемпиондугунда учурда лидерик сапта келе жаткан “Монако” быйылкы Чемпиондор Лигасынын эң кызыктуу командасы. Курамында жаш жана жеңишке суусап турган футболчулар гол киргизүүдөн тажабайт. Аталган команда чабуул коюуну биринчи максат кылып коёт. Демек, бул оюнда да форварддар алдынкы планга чыгат. Фалькаонун карамагында болуп жаткан 18 жаштагы Киллиан Мбаппе жылдызы жана турган мезгил келгендей. Эгерде бул оюнчу командасын жарым финалга сүйрөй алса, анда келечекте “Алтын топ” ээси дал ушул форвард болот сыңары.

“Боруссия Д”: Марко Ройс үмүтүн үзбөйт

Томас Тухель аталган оюнда “биз 1-мүнөттөн 90-мүнөткө чейин чабуулга баруудан башка аргабыз жок” деп айтып өттү. Ооба, дортмунддук команда жок дегенде 2 гол киргизбесе жарым финалга өтө албайт. Бул команданын чабуул коюу мүмкүнчүлүгү жогору экендигин бардыгы билет. Аталган клубдун жылдыздуу жарым коргоочусу Марко Ройс бул беттешке чыгууга даяр. Германиялык футболчу менен катар чабуулчу Обамеянг командасын алга сүйрөй алабы, оюн көргөзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(26)
19.04.2017. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Барусия Дордмундка ийгилик
19.04.2017. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айдааааа Ювентус
19.04.2017. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Барселонанын Дани Алвести коюп жибергени ото чон катасы болуп жатат учурда.
19.04.2017. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ювентус мн Боруссия Д силерге ишенимим ото чон
19.04.2017. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ювентус жарым финалда дей бергиле
19.04.2017. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Барселонага ишенебиз !!!
Футболдо эмнелер болбойт!!!
Жениш кутуп калам 4:0
19.04.2017. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Барселонага ишенебиз !!!
Футболдо эмнелер болбойт!!!
Жениш кутуп калам 4:0
19.04.2017. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
биз айтсак чычалайсынар эми журналистер да айтып жатат го айтекин жонундо бвга не дейсинер аа
19.04.2017. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
arawan,ээ эптеп причина тапмайбы Атлетикого болейт этем.бирок чынын айтсам
Барса кучтуу булда жениши да мумкун.
Реал 11.10 ойноп обсайттарды эсептеп таштаганын кордук кече колго тийсе кормоксон болгон судьяны кордук.
20.04.2017. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
USSRKG,Оа Реал 11 оюнчу менен куйормандарды кошкондо 12 оюнчу болуп ойноду судя адашты оа билебиз бизда роббендин актёрчулугунан пенальти берилди офсайда лева калган ошолорду да айтсан акыйкаттуу болмок экен
19.04.2017. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эми мындайда алтындарым кимге оомат келсе ошол чемпион болотта
19.04.2017. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ювентус жеңет деп ишенем. Барселонага судя жардам берет 11 оюнчу жана 4 судя.
19.04.2017. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Реал мн ювентусту жарым финалда коргум келет
19.04.2017. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Барса барса алга!!!
19.04.2017. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ювентус ийгилик!!!!Дибала хет-трик.
19.04.2017. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барсага ийгилик жана жениш! 4-0
19.04.2017. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ktrkнан кайсы бирин корсототя
19.04.2017. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ювентус Барсаны учураткоо бугун.
19.04.2017. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ювентус жарым финалга чыгатго менимче
19.04.2017. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
4:0го женилип 6:1ге женип алган барсага ичинер куйуп эле эми Айтекинге асыла бергиле. Денис Айтекиндин мировой оз орду бар . Ал да адашатта адам болгондон кийин бирок барсага тартты деген ойго кошулбайм
fanat_barsa түзөттү 2017-04-19 21:00:33
20.04.2017. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fanat_barsa,оа туура судья адашат бирок кече реал бавария оюнунда Кашшаи реалга тартты дегендерге кандай карайсын
19.04.2017. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Barsa UTSA dagy bir sudiany ishten alat go Iuventus kuchtuu salyshtyryp korgulo
19.04.2017. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барса давай
19.04.2017. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барса бугун, женет буйруса! Общий шот боюнча женилиши мункун! 3,4 саата экосун бирин. тагдыры чечилет)) Бавария кучту болчу. Бирок реалга удача, шанс болуп калды.
20.04.2017. 05:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барселона куйормандары жакшы болуп кетесинер реалга ийгилик
20.04.2017. 08:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары мен ойлогондой болуп жатат. Барсанын фанаттары эми Чемпиондор лигасын корбосонор кк. Ювентус Монако дальше
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: