super.kg logo

Садыр Жапаровдун камакка алынган тарапташтарынын энелери митингге чыгышты

 

Бүгүн, 19-апрелде Ак үйдүн алдына Садыр Жапаровдун камакка алынган тарапташтарынын энелери митингге чыгышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына митингдин катышуучусу, Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Асанбаева билдирди.

Анын айтымында, митинг “Энелер үнү” деп аталып, ага 40ка жакын адам катышты. “Камалган 12 баланын энелери чогулду. "Мыйзамсыз, ур-токмок менен алынган балдарды бошоткула" деген кайрылуу жасадык. Эми эртең кайрылууну президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына, депутаттарына жолдойбуз”, - деди Асанбаева.

Эске салсак, 25-мартта Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан УКМКнын кызматкерлери кармап кетишкен. Ал "Бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталган. УКМКнын алдында Жапаровду колдоо митингинде анын 12 тарапташын күч органдары "бейбаштык", "милиция кызматкерине кол көтөрүү", "бирөөнүн мүлкүн сындыруу" беренелеринин негизинде кармаган. Биринчи Май райондук соту аларды 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Кийин бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.04.2017. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев Садыр Жапаровтон и Текебаевтен корконун еле Бир куно табып Камап койду егер алар боштондукта болгондо Атамбаевтин коп жоруктары ачылмак
19.04.2017. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул камалыштар убактулуу Эле кун келет чындыкка да, ошондо корорбуз акыбалдарын азыркы сут корлордун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: