super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЛНААМА, 20-АПРЕЛЬ: 149 жыл мурун белгилүү манасчы Сагымбай Орозбак уулу төрөлгөн

 

Мындан 149 жыл мурун, 1868-жылы 20-апрелде манасчы Сагымбай Орозбак уулу Ысык-Көлдүн Чырпыкты айылынын жанындагы Кабырга деген жерде туулган. Манас айтууга 14-15 жаш курагынан тартып кирише баштаган.

Бардык эле манасчылар сыяктуу Сагымбай Орозбак уулу да "Манас" эпосун айтууну түш көрүү менен байланыштырган. Ал түшүндө бир чоң үйдүн ар кайсы жерлеринде "Манас" айтып жаткан кишилерди көрөт. Алардын ар бири ар башка окуяларды айтып жаткан болот. Ошондо бирөө Сагымбай Орозбак уулун: "Манас" айтпасаң айбалта менен чабам", - деп коркутат. Манасчынын айтымында, түшүндө коркуткан адам Семетей болгон. Ушул түшүнөн кийин Сагымбай Орозбак уулу "Манас" айтууга кирише баштаган.
Сагымбай Орозбак уулу 1916-жылы Кытайга эл менен үркүп барып, ал жерде да "Манас" айткан. Кытайлык кыргыздардан да ага тең келген манасчы чыккан эмес. Сагымбай Орозбак уулунун оозунан дастандын биринчи бөлүгү "Манас" гана жазылып алынган. Замандаштарынын айтымында, өзүн "семетейчи" деп эсептеген. Анын айтуусунда "Манас" эпосун жазуу иши 1922-жылы башталып, манасчынын ден соолугу кескин начарлашына байланыштуу дастанды кагазга түшүрүү 1926-жылы токтотулган. 1930-жылдын май айында Сагымбай Орозбак уулу дүйнөдөн кайткан.
20-апрелге карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: