Иса Өмүркулов: “Мен таштанды үчүн болгон төлөмдөрдүн кымбатташын каалабайм”
“Мен борбор шаарда таштандыларды алып чыгуу үчүн төлөмдөрдүн кымбатташын каалабайм. Бирок мэрия популизм менен алектенсе, бардык ички түзүмдөрдү жок кылып алабыз”,- деп билдирди Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов бүгүн, 8-майда шаардык кеңештин жыйынында. Эске сала кетсек, шаардык кеңештин депутаттары учурда Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен түзгөн келишим долбоорун талкуулашууда. Аталган банк борбор шаарда таштандыларды тазалоо системин жакшыртуу үчүн насыя жана грант түрүндө 22 миллион евро бөлүп берери айтылды. Бирок алардын койгон шарты боюнча бишкектиктер таштанды үчүн төлөмдөрдү 50 пайызга кымбат төлөй башташы керек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

