super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Чет элдик психолог: "Кыргыз аялдарынын жүзүндө жылмаюу, ал эми жан дүйнөсүндө тынчсыздануу, нервинин чыӊалып турганы байкалат"

 

Өткөн жумада Бишкек шаарына келген Минск шаарынын жашоочусу, психолог Лилия Ахремчик кыргыздын аялдары жана эркектери кандай экенине байкоо жүргүзгөн. Анын социалдык баракчасы аркылуу жазган пикирин назарыӊыздарга сунуштайбыз:

"Бул нерсе субъективдүү (жеке бир кишиге таандык) жана абдан жалпылап айтыларын эскертем.

Кыргыз аялдары сулуу болушат. Азиаттарга мүнөздүү анча узун эмес бою, тунук жүзү болгондуктан алар жаш кезинде фарфор куурчактарына окшош. Жылмайып, өздөрүнө карап жүрүшөт. Элестетип көрөйүн, бул нерсе алар "өздөрүн сатканга чейин", тагыраагы күйөө тапканга чейин болот. Анан баары дароо өзгөрөт, кыз болсо, эжеге айланат. Өткөөл учур деген иш жүзүндө болбойт. Европалык аялдар көбүнчө аял болуу жана кандай курак болбосун өздөрүн активдүү алып жүрүп, ынтызар, өнүккөн аял боло алышат.

Кыргыз аялынын балдары бар экени дароо байкалат. Ал тымызын үй-бүлөнүн башчысы болуп калат. Бул нерсени анын басканынан, айланада өзүн кандай алып жүргөнүнөн билсе болот. Залга эне жана кожойке киргени дароо сезилет.

Кыргыз аялдарында пассивдүү агрессия көп. Көбүнчө - жүзүндө жылмаюу, ал эми жан дүйнөсүндө тынчсыздануу, нервинин чыӊалып турганы байкалат.

Кээде эч кандай жасалма жок: ичинде да, сыртында да ачуусу толуп турган болот. Мен өзүмдү жарылуучу заттар коюлган талаада жүргөндөй сездим. Байкабай бирөөгө тийип алсаӊ, ал кишинин ичиндеги бомба жарылып кетет. Мага ошондой сезилип жатабы деп да ойлодум. Минск шаарына келип, бизде андай жок экенин түшүндүм.

Жергиликтүү аялдар эркектен жолу болбой калган. Мени жазалагыла, бирок Бишкекте келишимдүү эркектерди көргөн жокмун (бирөөсүн эсепке албаганда). Ар бир кадам сайын сулуу кыздар, а келишимдүү эркектер жок. Бир нече жолу абдан сулуу кыздын өзү менен теӊ жигит менен колтукташып бара жатканын байкадым. Кыскасын айтканда, кызды аяп кеттим.

Макул, эркектин сулуулугу маанилүү эмес. Бирок башка жагы да бар. Кыргыздын эркектери жалкоо келишет жана абдан жакшы жайгашып алышкан (мыкты эркектер, жакшы үй-бүлөлөр бар экенине ишенем. Мен көпчүлүк жөнүндө жалпылап айтып жатам). Алар Исламды өздөрүнө ыӊгайлаштырып, аялдарынын моюнуна минип алышкан. Бирок ошол эле учурда аялдарды экинчи сорттогулар деп эсептешет.

Эгерде Исламда аял үчүн, анын камкордугу, билими жана башкасы, негизи эле жалпы үй-бүлөсү үчүн эркек жоопкерчиликти өз милдетине алса, кыргыз эркеги өзү эч нерсе таппаса деле, аялын уруп, кемсинтиши мүмкүн. Жыйынтыгында, аял иштейт, тиричиликтин, балдардын түйшүгүн жалгыз тартат, үйдүн бардык жумуштарын аткарат. Аны менен катар аялын сыйлабаган күйөөсүн да камсыздап, аны тейлейт. Үй-бүлөдөгү жакындык жөнүндө кыялдануу гана мүмкүн.

Ажырашканга болбойт, себеби аялды туугандары менен айланасындагылар сөз кылышат. Ал деген күйөө да. Канчалык аял күйөөсү менен жаман жашабасын, күйөө бирөө гана болушу мүмкүн. Ошон үчүн да мүмкүн жашыруун агрессия, эрте келген карылык бар.

Аялдар өздөрү каалагандай жашай алышпайт. Себеби аларды айлана-чөйрөсүндөгү, үй-бүлөсүндөгү калыптанып калган сценарий, түшүнүктөр кармап турат. "Жаман болуп жатсаң дагы чыдашың керек". Кайгырганың баарына жагат, бактылуу болсоң дагы кепке каласың. Эгерде аял өзүн сүйүп, баалап баштаса, башкалар аны өз ордуна коюп коёт.

Бирок мага келип жүргөн аялдар өнүккөн, сулуу, Батыш менен Чыгыштын ортосундагы чекте болчу. Ага карабастан аларды мурда калыптанып калган көз караштар төмөндү көздөй тартат. Өздөрү болсо Батыштын баалуулуктарына тартылышат. Өзүн сүйүп, өз жашоосу менен жашап, өнүгүп, өзү каалаган адамды жубайлыкка тандоо сыяктуу... Алар жакшы кызмат орундарын ээлешип, жетиштүү акча табышат. Спорт, фитнес, йога менен машыгып, чет тилдер курсуна, бийге барып, психологияга кызыгат. Заманбап психологдордун эмгектерин окушат жана андан көп нерсе үйрөнүп, иш жүзүнө ашыргысы келет. Китептер аркылуу жашоодогу нааразычылыктарынын себептерин издейт. Жалпысынан менин чет элдик аял тууралуу оюм ушундай.
Мен консультацияларда аларга өтө кылдат мамиле кылууга аракеттендим, алдын ала аларга Кыргыз мамлекетинен эмес экенимди, тиги же бул түшүнүк боюнча кандай кылышы керек, аял өзү чечим чыгарышы керек экендигин айтып жаттым".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(40)
21.04.2017. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Тим эле озу ушундай жашоодо жашап жаткандай айтытыр. Менин сырымды окуп койгондой болуп, ичим эншерилип кетти.Ушундай ситуациядан кантип чыгуу керек.
21.04.2017. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Umarlove9013,Мындай ситуациядан чыгуу учун оз укугунду коргош керек деп ойлойм ар бир адам озун барктап баалабаса жашоо ушундай турбайбы деп каарып нерв болобуз.
21.04.2017. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бул жерде бизди жабык кийинишет деген жок го
21.04.2017. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
80% туура айтыптыр
21.04.2017. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Туура эле жазылыптыр. Кыргыздын эркектери жалкоо.
21.04.2017. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жарымы чын жарымы жалган...Ал психолог намыс эмне экенин билбейт...жолуккан эле эркектин астында жатуу алар учун демократия деп эсептешет...бактысыздыктарын унутуу учун спирттик ичимдиктер же наркотика колдонгондоручу...уйбуло куруу 4-5балалуу болуу,алар учун жомок...20-40 жаш аялдар учун гана жазылыптыр...70-80 деги апаларын таштап кеткен же акча берип бактыргандар ошолор...бир куну уулу менен келини кочого айдап чыкканда,кыргыздарга суктанат...бирок кеч болуп калат..
21.04.2017. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Jaloshtalnarisbatchui, карган ата энелерди деле аялдар багып жатпайбы,
21.04.2017. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
туурале азыркы мезгилде коп адамдар кыйынчылык коруп жашап жатышат айныкса жаш уй було кургандар чет жерге тентип кетип ал жактан бойунда болуп келип же баласы мн келип куйоосу акча табам деп калат,жалгыз баласы мн жудойт кыйналат жашоо ушундай болуп жатат аны эч ким каалабайт бирок турмуш ушундайга алып барып жатат башка айла жоктой болуп калат.чыдап кана жашаштан башка.
21.04.2017. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Сага Кыргызстанда кууруп коюптурбу кыргыздарга асылбай эле өзүңдүн жолуңда жүрчү
Uson13 түзөттү 2017-04-21 15:02:18
21.04.2017. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Uson13,мен 100%кошулам.зато бизде араларыбызды карыганда багат таштап кетпейт силерчилеп
21.04.2017. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Эркектер намыстангыла!!!
21.04.2017. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
75%туура!Ошого жаш кыздар турмуш куруудан коркушат...
21.04.2017. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Бирок сулуу жигиттер деле бар,бир сейил бакка кирип айланып чыгып эле натыйжа чыгара бербеш керек,бирок көп нерсени ачык айтыптыр анан ошого өнүкпөйсүнөр деген сөзүнда кошуп койбоптур...
21.04.2017. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ичибиз толло чечилбеген суроого куру намыска койгойго толгон анан бизде коро албастык оч алуу же кек сактоо куч алган баары биригип толуп жарылганы турган бомба сыяктуу
21.04.2017. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Туура эле чычалабагыла
21.04.2017. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Хаха бомба коюлган талаада жургондой сездим дегени жакты. Менде да абдан чон бомба жарылайын деп аран турат. Нерв уктаганда да тынчыбай жаман нерселерди тушкоруп чыгам. Кыргыз аялдарынан да Клара Цеткин сыяктуу бироо чыгыш к.к б.п калды.
21.04.2017. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Айтмакчы эсепке алынбаган келишимдуу бир эркек ким болду экен кызык?
18.05.2017. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aruuke9292,Алым уулу Калыбек деген бала экен. Куйоосу окшойт)))
21.04.2017. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эээ Аллла кайненемкинде жургондогуму жазып коюуптур го
21.04.2017. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
айтайын десем созум коп!!! Чубак ажы ыйлап мойнуна Алды эркектер алсыз болуп баратабыз деп((( аялы уйдо отурат бетине креми жок же атыры жок, эркек жаны айтат курсагын ток отурабербейсинби деп?! азыр кыйынчылык заман эмес акылы чыдамы мн эркектер иштесе баары табылат! кичинемда атам иштегини мн азыркы инилерим,жолдошум иштеп жатканын салыштырсам ат мн тоодой,
21.04.2017. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындыгы чындыкко бирок биздын кыргыз кыздарга окшоп 4,5ти тороп биздикиндей тоолуу айылдарда жашоо кечиргенде корот елем ошол писихологдун писихи чыкканын ,болгону олкобуздо иш жайлар жок ошол учун кайдагы тынч жашоо кайдагы жылмайуу ,приздентти пайпак алмаштыргандай алмаштырып атсак ,
21.04.2017. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эн туура айтылыптыр чычалабай эле койгула бизде, тенелбе сен урса да, соксо да, себеби ал эрекек акча таппаса сен тап, бала бакпаса сен бак эн негизгиси уй-булонду сактап кал делинет.Эрекетер бара бара Лоолулардын эркегиндей болуп баратышат уйдо бала карап же уктап айтор жалкоолонуп (баары мес) аялы талаалап иштеп журот бироонун элинде, биронун козун карап, кыйналып балдарын сагынып(факт ушундай уй-булолор бар). Бизде туура эрекетердин дарпажасы жогору бирок ошо жогору даражага татыктуу эмес!
21.04.2017. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Kandai maksatta aitkanyn bilbedimgoo bul kanchyk ozu bir insan bolso akyly jok pishalog neden kantip jaralgan jin kirip ketken okwoit
21.04.2017. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эн туура айтыптыр.Кошулам.
21.04.2017. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
100%болбосо дагы70%тин туура айткан Европанын аялдары оз укугун коргошту билишет закон боюнча жашашат биздикилерди тебелесе деле уятта намыс деп журуп озубузду озубуз жеп касал болобуз коп кыз келиндерибизди коруп ичин ачышат.Ар бир уй булоого тынчтык ыйман берсин.
21.04.2017. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Окуп алып анча-мынча чычалаган комменттердин авторун эркектер деп элестеттим)). Чычалабагыла, керек болсо психолог баарын туура байкап жазган. Тойго, мааракеге карыз алып койнок кийип, макияж жасаткан аялдарды кордум. Ичинде ит олуп жатса да, куйоосу бар деген ат болсун деп ыйынып, же ачык айтып ажырашып кете албай кыйналган аялдардын бетинде даана эле жазылып турат ички дуйносунун кыйналганы. Баары эмес, но жугун арткан "лолу" эркек ото коп, ачуу чындык.
21.04.2017. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эх чындыкты баарын айтыптыр мен озумдогу 60%ке ачып салыптыр тан калычтуу. Бирок Озу да аябай сулуу аял экен.
21.04.2017. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туура чычалабагыла азыр эркектер курсак ток отур деп бакканын милдет кылышат. Эркектер катын сыяктуу ушук кууп кайсы кыз кандай экен деп кыздарды сындап оздорунун алсыз ары жок экенин билбей жашап журушот. Кара кучко эркектер биз деген уй юулоону башкарабыз деп чыгат.
22.04.2017. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
90% туура менин жашоомду эле айтып аткансыдыго аябай кучтуу психолог экен
22.04.2017. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Кайсыл жерден жүдөө көрсөн зайыпты, ошол элдин эрине кой айыпты" ))) дептир, кыскасы Мени курчаган мырзалар(атам, ага-ини жана жолдошум)мыкты экен ойлосом Сулуу эркектерди көргөн жокмун дегени, "мырза" же "ата"-деп атоого татыксыз, аты эле бар, ары жок эркектерди айткан Туура, жоопкерчиликсиз, жийиркеничтуу эркектер көбөйдү. Аялдар көбү бомбадай эле болуп жүрөт. Ушакка тойбогон, уятсыздыкты көбөйткөн, балдардын келечегин ойлоп да койбогон эркектер көп Эстерине эрт
22.04.2017. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Диндин артына жамынып, ичинде ит олгон адамдар толду.
22.04.2017. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргыздын аялдары башкалардан бир топ кучтуу. Уйдун ишин да кылат, куйоосуно кошулуп сыртта эркектин ишин да кылат. Башка улут-н аялдарына окшоп мени бак деп балдарын кучактап уйдо олтуруп албайт. Турмушка да олуттуу карашат. Болор-болбос нерсеге ажырашам деп ызы-чуу салышпайт башкаларга салыштырмалуу. Окунучтуусу ушундай кучтуу аялдарыбызды анча баалай албай жатабыз.Кечиргиле аялдар, биз алсыз болсок.Мен муну Москвада журуп салыштырып анан айтып жатам. Анча-мынча эркектерге катуу тийсе кечиргил
22.04.2017. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алдабачы сага окшогон писихолок толтура бизде ушундайлар бузат жакшы жашап жаткан уй булоону укпаш керек мындайларды Минсктегилер эле телегейи тегиз
22.04.2017. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ыйлагым келип атат. куйоом Бишкекте иштеп журот, мен кайын журтта журом. чогуу кетем десем, ар кайсыны айтчудай бп атышат. право голоса да жок деп кошпоптур да
22.04.2017. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
love_you,Багайын деп иштеп журот да балдарын сени элден артта калбайлы деп
24.04.2017. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айткан
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: