super.kg logo
  Саясат  

2010-жылкы мародёрчулукту иликтеген депутаттык комиссия ишин биротоло бүттү

 

Жогорку Кеңештин 20-апрелдеги жыйынында 2010-жылкы мародёрчулукту иликтеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы боюнча токтом кабыл алынды.

Токтомдо депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгына Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы юридикалык баа бериши керектиги айтылган. Үстүбүздөгү жылдын май айында күч органдары бул тууралуу маалымат берери айтылды. Бул ишти Жогорку Кеңештин эки комитети көзөмөлдөйт. Жогорку Кеӊештин токтомуна 80 депутат добуш берди.

Эске салсак, 2017-жылдын 13-апрелинде Жогорку Кеӊеште 2010-жылы болгон мародёрчулук, банктык ячейкаларды талап-тоноо, “Альфа-Телеком” компаниясы, “Бишкек мунайзат компаниясы”, “Дастан” ишканасы, “Азия Универсал Банк”, “Кыргыз көмүр” ишканасын, улутташтырылган объекттерди сатууга тиешелүү жана “Кыргызтелекомдун” интернет кызмат көрсөтүүлөрү үчүн тарифтерди негизсиз жогорулатуу келишимдерин иликтеген депутаттык комиссия отчёт берген. Токтом кабыл алууну парламент кийинки жыйындарына жылдырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: