ЖЫЛНААМА, 20-АПРЕЛЬ: 4 жыл мурун Кытайда жер титирөө катталып, 200дөн ашык киши көз жумган

Мындан 4 жыл мурун, 2013-жылы 20-апрелде Кытайда күчтүү жер титирөө катталган. Табият кырсыгы адам өлүмү, кыйроолор менен коштолгон. Айрым маалыматтар боюнча, каза болгондордун саны 200дөн ашып, жаракат алгандар 11 миң адамдан ашкан. Зилзала Кытайдын батыш тарабындагы Сычуань провинциясында орун алып, күчү 7 баллга жеткен. Анын очогу 13 чакырым тереңдикте жайгашкан.
Аталган провинцияда 2008-жылы да күчтүү жер титирөө болуп, миңдеген адамдар каза табышып, жаракат алгандар, дайынсыз жоголгондор да миңдеген адамдарды түзгөн.
20-апрелге карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.