super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кара-Көл шаарында дайынсыз жоголгон 6 жашар Бекзат Жанапиловду издөө үчүн элдик кошуун түзүлдү

 

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында дайынсыз жоголгон 6 жашар Бекзат Жанапиловду табуу үчүн элдик кошуун уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун билдирди.

"Баланын сөөгүн жоголгон жайга таштап кетиптир" деген сөз жалган. Эл ар нерсени айта берет экен. Шаарда 2 адамдын башы бириккен жерде жоголгон бала жөнүндө сүйлөп жатышат. Кечээ элдик кошуун түзүлгөн. Учурда суу бойлой издөө иштери жүрүп жатат. Дале бир кабары билине элек", - дейт тургун.

Айта кетсек, 16-апрель күнү түшкү саат 13:30-14:00дөр чамасында шаардын Пойма бөлүгүндөгү 20-үйдөн эшикке ойноп чыгып кеткен боюнча жоголгон. Жакындары артынан 15 мүнөттөн кийин издеп чыгып таппай калышкан. Бою 120 сантиметр чамасындагы сары бала. Ошол күнү кызыл, кара сызыктары бар жемпир, кара вельвет шым, кара спорттук бут кийим кийип жүргөн.

Эгерде кимдир бирөө көрүп калса, Бекзатты издеп жаткан ата-энесине байланышуу зарыл. Байланыш телефондор: 0 (772) 15-88-42, 0 (705) 15-88-42, 0 (772) 15-88-40.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.04.2017. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аман эсен кайрылып келчи,кудайдан тилейли
21.04.2017. 07:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылдым аман эле болсун бирок.ишениш кыйында эшиктен машина сузуп бир жерге алпарып таштап койсо ит эле жеди.табылып калса экен аман эсен жердеш иним.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: