super.kg logo

Түркияда сабалган кыз сүйлөп калганы менен, өзү кабылган окуяны айтып бергенге даяр эмес

 

21-декабрда Анталиянын Коркутели районунун жолунан сабалып, эс-учу жок абалда табылган 21 жаштагы кыргыз кыз басып калганы менен, өзү кабылган окуяны айтып бергенге даяр эмес экенин бүгүн, 29-апрелде мекендешибиз Жаңылай Балтаева SUPER.KG порталына кабарлады.

"Ал учурда ооруканада, ооруканадан 15-майда чыгарылат. Жанында атасы жана апасы бар. Басып калды, адамдарды таанып жатат, сүйлөйт, окуяны да айтып бере албай жатат. Андыктан соттук кароо 6 айга жылдырылды. Ооруканада кыз жаткан керебеттен бөлөк бир гана отургуч бар экен. Атасы менен апасы кезектешип эс алып жатышат. Тамак да 2 кишиге эле берилет экен. "Halk" партиясынан Хамид аттуу жигит жардам берип жатат, бирок баары бир каражат маселеси оор болууда. Кыздын Орусияда агасы бар экен, ал колунан келишинче жардамдашып жатат. Ал эми жардамдашабыз деген кыргыздар учурда жокко эсе. Ооруканадан чыккыча, жардам болуп, жашай турган жай табылып калса ата-энесине жакшы болмок. Анын үстүнө адвокат да жалдап, каражат тартыш болуп жатат", - деди Жаңылай Балтаева.

Эскерте кетсек, бул кылмышка шектүү катары кармалган С.Ч. жабырлануучу кызды М.У. аттуу адамга сексуалдык кулчулукка сатып жиберген. С.Ч. "интимдик кызмат көрсөтүүчү жашыруун жай уюштурган", ал эми М.У. "адам өлтүрүүгө аракет кылган" деп айыпталган.

Сабалган М.Н. менен кабарлашып жаткан мекендештер Стамбулдагы Кыргыз өлкөсүнүн консулдугунан эч кандай жардам болбой жатканын айтышып, нааразы болушууда. Белгилей кетсек, мындай нааразычылык биринчи жолу болуп жаткан жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
29.04.2017. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Толку сакайып кетсин,баарын айтсын супер бул кызды баягында бироонун уйуно чыгарылды ооруканадан дебединер беле?
29.04.2017. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арыктап кетиптир байкуш
29.04.2017. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кулчулукка саткан адамды олтуруп эле салган он го. Ал баары бир адам болбойт. Ыймансыздыктын эн акыркы жеткен чеги адам сатуу.
29.04.2017. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5жылдан бери коро элекмин
30.04.2017. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туркия кеткендин кобу эле кулчулукка кабылабы билбейм..менин таанышым да москавдан иштеп журуп стамбулга кетип аран аласа бересесин жаап келип эми Москвада пол жуусам да жакшы турцияга барбайм деп келди ачык айтпайт не болду экен деп ойлой берем..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: